БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Москва шаарына Россия лидери Владимир Путин ЕАЭБ алкагында кызматташтыкты талкуулады. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
"Тараптар эки тараптуу актуалдуу маселелерди жана ЕАЭБ алкагында кызматташтыкты талкуулады. Жээнбеков Путинге чакыруусу үчүн ыраазычылык билдирип, 14-июндан 15-июлга чейин Россияда өтө турчу футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын ийгиликтүү өтүшүн каалады ", — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, Жээнбеков бүгүн эртең менен Москвага бир күндүк жумушчу сапарга учуп кеткен.