БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. ЮНИСЕФтин социалдык саясат программасынын адиси Гүлсана Турусбекова 11 миңден ашык бала мамлекеттин кароосунда экенин Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде билдирди.
"Бул балдардын 95 пайызынын ата-энелери тирүү. Абалды өзгөртүш үчүн социалдык кызматкерлер жакшы иш алып барышы керек. Ар бир учурду жеке түрдө карап, баланын муктаждыктарын баалап, аны социалдык жактан коргоо зарыл", — деди Турусбекова.
Анын айтымында, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн маселесин системалуу түрдө чечкенде гана мындай үй-бүлөлөр мамлекет тарабынан сапаттуу колдоо алып баштайт.