Шайырбек Абдырахман уулу — өмүр баяны

© Фото / Жээнбек СагыналиевШайырбек Абдырахман уулу
Шайырбек Абдырахман уулу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шайырбек Абдырахман уулу 1976-жылы 27-сентябрда Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кара-Жыгач айылында туулган.

Билими:

2001-жылы Жусуп Баласагын атындагы кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин кыргыз филологиясы факультетин аяктаган.

2014-жылы ушул эле университеттин юриспруденция адистигин бүтүргөн.

2013-2015 — Россиянын тышкы иштер министрлигинин алдындагы дипломатиялык академиясынын эл аралык мамилелер магистратурасында окуп келген.

Эмгек жолу:

2001 — Улуттук телерадио корпорациясында режиссердун ассистенти;

2002 — УТРК. "Манас" чыгармачыл борборунун кабарчысы;

2003 — УТРК. Балдар жана жаштар бөлүмүнүн баяндамачысы;

2004 – УТРК. Музыкалык жана оюн-зоок программалар студиясынын кабарчысы;

2004 – УТРК. Музыкалык жана оюн-зоок программалар студиясынын комментатору;

2005 – УТРК. Маданий агартуу студиясынын кабарчысы;

2006 – УТРК. Жаштар редакциясынын башкы редактору;

2008 – УТРК. "Санат" чыгармачылык бөлүмүнүн баяндамачысы;

2010 — 2013 — ЭлТР Мамлекеттик телерадиокорпорациясынын башкы директору.

2007-2009 — "Айтыш" коомдук фондусунун тең төрагасы.

Үй-бүлөлүү, эки уул, бир кыздын атасы

Жаңылыктар түрмөгү
0