БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Жума күнү Куба мамлекетинде 100дөн ашык жүргүнчүнү алып бара жаткан Boeing 737 учагы кулаганын Telemundo каналына шилтеме берип РИА Новости агенттиги жазды.
A #Boeing 737 #plane crashed shortly after taking off from #Havana's main #airport, #cuba pic.twitter.com/i2r0N4jKO4
— rita khoury (@ritakhoury10) 18 мая 2018 г.
Маалыматка караганда, учак Cubana de Aviacion компаниясына тиешелүү болгон.
“Учак Гаванадан Ольгин шаарына учуп бара жаткан. Бирок ал абага көтөрүлгөнүнө бир нече мүнөттөн кийин гана кулап түшкөн”, — деп жазылат макалада.
Айрым ЖМКлар учакта 104 адам болгонун жазса, дагы башкалары 107 деп айтышууда.