Казакстандык балбан Сергей Цырульников локомотив менен вагонду артына аркан арчындап алып сүйрөп кетти. Бул туурасында Sputnik Казакстан билдирди.
Мунусу менен жигит бул жааттагы күч сыноодо рекорд койду.
Сергей Цырульников — кара күчүн көрсөтүү боюнча дүйнөнүн төрт жолку чемпиону. Аны менен катар эле казактардын атактуу балбандары Кажымукан Муңайтпасов менен Балуан Шолактын өнөрүн улантуучу шакирти катары каралып келет. Волейбол, пауэрлифтинг жана гиря көтөрүү спортунун чебери.
Буга чейин кыргызстандык Чыпалак баатыр же манжасы менен тоо томкоргон Зарылбектин видеосу жарыяланган.