Мелдеш бүгүн борбордогу Дайыр Асанов атындагы "Жеңиш" паркында өттү.
Fun Run мелдеши 2006-жылдан бери Азия оюндарын таанытуу максатында Азия Олимпиада комитетинин колдоосу менен бир нече мамлекетте өтүп келет. Эске сала кетсек, быйылкы Азия оюндары 18-августтан 2-сентябрга чейин Индонезияда өтөт.

3-майда Бишкекте балдар арасында Fun Run мелдеши өттү

Турнир Дайыр Асанов атындагы "Жеңиш" паркында болду

Мелдешке 10-15 жаш курактагы балдар-кыздар катышты

500дөй спортчу бир чакырымга жүгүрдү

Балдар жаш курак боюнча бешке бөлүнүп күч сынашты

Иш-чараны минтип "Жөргөмүш киши" да тейлеп жатты...

Спорттук иш-чара 2006-жылдан бери өткөрүлүп келет

Жарыш Азия оюндарын таанытуу максатында уюштурулган

Быйылкы Азия оюндары 18-августтан 2-сентябрга чейин болот

Иш-чарага жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү да катышты