БШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Бишкектеги "Ош" базарындагы "Берекет" майда дүң соода базарында чыккан өрт саат 7:40та чектелгенин ӨКМдин маалымат кызматы билдирди. Кырсык болгон жерде 11 атайын автоунаа жана куткаруучулар иштеп жатат.
Белгилей кетсек, өрт тууралуу билдирүү таңкы саат 3:52де келип түшкөн.
Саламаттык сактоо министрлигинин алдын ала билдирүүсү боюнча өрттөн жабыркагандар жок.
Быйыл аталган базарда ушуну менен үчүнчү жолу өрт чыгууда. Биринчи кырсык 30-январда болсо, экинчиси 5-мартта катталган.