Өрт туурасында маалымат "101" кызматына таңкы 3.52де түшкөн. Жалынды токтотуу үчүн өрт өчүрүүчүлөрдүн 11 бригадасы иштеген. Андан сырткары, ИИМден 800гө чукул кызматкери тартылып, саат 7.40та тилсиз жоо чектелген.
Жыл жаңыргандан бери "Ош" базарында мындай кырсык үчүнчү жолу кайталанууда. Ал эми Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысына ӨКМдин орун басары өрт атайылап эле жасалган деген пикирин билдирди.
ИИМ бул факты боюнча кылмыш ишин козгоду.

Өрт тууралуу маалымат "101" кызматына таңкы 3.52де түшкөн

Тилсиз жоону өчүрүүгө 11 бригада келди

Суук кабар "Ош" базарында иштегендердин көбүнүн жүрөгүн зырп эттирди

Катуудан казан калыптыр...

Имараттын чет жакасындагы орундарда соода кылгандардын бир катарлары товарларын сактап калууга жетишкен

Күлгө айланган чыны-аяктар, ыш болгон мискей-табактар

Бери дегенде жүз миңдеген чыгым... Эми кантишет?

Өрт чыккан жер курчоого алынып, милиция кызматкерлери тартылды

Таңда өрт өчүрүүчүлөр менен кошо журналисттер да жүрдү

Жыл жаңыргандан бери ушуну менен "Ош" базарында үчүнчү жолу ири өрт чыкты

ӨКМдин маалыматы боюнча өрт саат 7:40та чектелди

Жүрөктү ооруткан көрүнүш... Буга эми ким күнөөлүү?

ӨКМ өрттү кимдир бирөөлөр атайылап койгонун айтууда

Тилсиз жоо жалмаган аянт 2 миң чарчы метрди түздү
