Туулган күнүндө кызматынан кол жууган Индира Жолдубаева тууралуу 6 факты

© Фото / пресс-служба ЖКЭкс-башкы прокурор Индира Джолдубаева. Архив
Экс-башкы прокурор Индира Джолдубаева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үч жылдан ашык Башкы прокуратураны жетектеп келген Индира Жолдубаеваны кызматтан кетирүүгө Жогорку Кеңеш макулдугун берди. Аны ээлеген ордунан бошотуу сунуштамасын президент Сооронбай Жээнбеков жөнөткөн.

Жолдубаева бүгүн туура 39 жашка чыгып, туулган күнүн белгилейт. Ал өлкөнүн башкы көзөмөл органын башкарууга 36 жашында дайындалган. Бул кызматка келгенге чейин бир күн да прокуратурада иштеген эмес.

Sputnik Кыргызстан агенттиги эгемен тарыхтагы эң жаш баш прокурор туурасында фактыларды сунуштайт.

Туулган жери. Индира Жолдубаева 1979-жылдын 11-апрелинде Бишкек шаарында төрөлгөн. 2002-жылы Кыргыз улуттук университетин аяктаган. 3-класстагы мамлекеттик кеңешчи.

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевИндира Жолдубаева баш прокурорлукка 2015-жылы 36 жашка таяп калган маалда дайындалган. Ага чейин бул кызматты 2011-жылдын апрелинен тарта Аида Салянова башкарып келген
Президент Алмазбек Атамбаев принял генерального прокурора Индиру Джолдубаеву - Sputnik Кыргызстан
Индира Жолдубаева баш прокурорлукка 2015-жылы 36 жашка таяп калган маалда дайындалган. Ага чейин бул кызматты 2011-жылдын апрелинен тарта Аида Салянова башкарып келген

Эмгек жолу. Эмгек жолун 23 жашында баштап, юридикалык тармакта 13 жыл, мамлекеттик кызматта 7 жыл иштеген. Алгач 2002-жылы Сорос-Кыргызстандын "Коомдун аз камсыз болгон катмарына юридикалык жардам берүү коомдук фонду" долбоорунун кеңешчи юристи болуп бир жылдай иштеген. Кийин "Манас" эл аралык аэропортунун кеңешчи юристи болуп эки жыл эмгектенет. Андан соң "Компаньон" финансылык тобу" чакан кредит компаниясынын юристи, "ДЭКА" ЖАКтын аткаруучу директору, юрист болгон.

Брифинг экс-генерального прокурора Аиды Саляновой - Sputnik Кыргызстан
"Темир айым" атка конгон Аида Салянова тууралуу 9 факты
Саясий чөйрөнүн астанасын 2008-жылы аттаган. Алгач президенттик аппараттын укук бөлүмүндө бир жылдан ашык иштеген. Ортодо бир жылга чукул Мамлекеттик кадр кызматынын директор орун басары кызматын аркалаган. Андан соң кайра президенттик аппаратка кайтып, баш прокурор болгонго чейин эмгектенген. Мурунку президенттик шайлоо учурунда Алмазбек Атамбаевдин шайлоо штабында юрист болуп эмгектенген.

Кыргызстандын тарыхындагы эң жаш баш прокурор. Индира Жолдубаева баш прокурорлукка 2015-жылы 36 жашка таяп калган маалда дайындалган. Ага чейин бул кызматты 2011-жылдын апрелинен тарта Аида Салянова башкарып келген. Жолдубаева Кыргызстандын 13-баш прокурору болуп калды. Ошондой эле эгемен тарыхка эң жаш жана үчүнчү аял прокурор болуп жазылмай болду. Анын мөөнөтү 2023-жылы аяктамак.

"Прокуратура жөнүндө мыйзамдын" 45-беренесинин 5-пунктуна ылайык, баш прокурорлукка 35 жаштан кем эмес, 65 жаштан ашпаган, юридикалык билими бар, бул тармакта 10 жылдан кем эмес убакыт эмгектенген адамдар дайындала алат.

Зампред Временного правительства Киргизии Омурбек Текебаев - Sputnik Кыргызстан
Өмүрбек Текебаев жөнүндө 10 факты. Абактан тоскон 59 жаш
Баш прокурордун жаш курагы боюнча "КРдин прокуратура жөнүндө" мыйзамына өзгөртүү 2009-жылдын 20-ноябрында киргизилген. Ага чейин аталган кызматка 40 жаштан төмөн эмес, 65 жаштан ашпаган, юридикалык адистик боюнча 15 жылдан кем эмес убакыт иштеген адис дайындалчу.

Саясаттагы туугандык байланыштары. Эгемен тарыхтагы Башкы прокуратуранын алгачкы жетекчиси, Конституциялык соттун мурдагы төрайымы, Жогорку Кеңештин IV чакырылышынын вице-спикери Чолпон Баекова Индира Жолдубаеванын бир тууган таежеси. Ал эми учурдагы ЖК депутаты Аалы Карашев бир тууган жездеси болот. Бул туурасында парламентте баш прокурорлукка талапкерлиги каралып жатканда ошондогу президенттик аппараттын жетекчиси Данияр Нарымбаев айткан.

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Сооронбай Жээнбеков конституциялык укугунан пайдаланып Индира Жолдубаеваны кызматтан бошотуу сунуштамасын Жогорку Кеңештин тармактык комитетине жиберди
Президент КР Сооронбай Жээнбеков принял Генпрокурора Индиру Джолдубаеву - Sputnik Кыргызстан
Президент Сооронбай Жээнбеков конституциялык укугунан пайдаланып Индира Жолдубаеваны кызматтан бошотуу сунуштамасын Жогорку Кеңештин тармактык комитетине жиберди

Кызматтан кетирүүгө аракеттер. Алгач "Ата Мекен" фракциясы баш прокурордун жылдык отчетун угуп канааттандырарлык эмес деп тапкан. Андан соң ушундай эле чечимди "Республика — Ата-Журт" фракциясы кабыл алды. Көп өтпөй президент Сооронбай Жээнбеков конституциялык укугунан пайдаланып Индира Жолдубаеваны кызматтан бошотуу сунуштамасын Жогорку Кеңештин тармактык комитетине жиберди. Сунуштама ал жактан да колдоо тапкан соң парламентте каралып, эл өкүлдөрү аны ээлеген ордунан бошотууга макул болушту. Бул учур Жолдубаеванын туулган күнүнө туш келди.

Окшош сандар. Жолдубаеванын кызматка келишине V чакырылыштын 105 депутаты макул болсо, экөө каршы чыккан. Кызыгы бүгүн кызматтан кетирүүгө да депутаттардын 105и макул, экөө "каршы" деген добушун берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0