Сооронбай Жээнбеков православдарды Пасха менен куттуктады

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун архивдик сүрөтү
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекет башчысы элге бекем ден соолук жана бакубаттык каалады

БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков христиандарды Пасха майрамы менен куттуктап, Кыргызстандын гүлдөп-өнүгүүсү үчүн биргеликте элдин баалуулуктарын сактоо керектигин айтты.

"Урматтуу мекендештер жана Кыргызстандын православ жарандары. Сиздерди чын жүрөктөн майрамыңыздар менен куттуктайм. Пасха — православдардын жашоодогу жолун жана руханий баалуулуктарын, каада-салттарын бириктирген майрам. Бул майрадын белгилениши өлкөдөгү жарандардын улут жана конфессия аралык ынтымактуу коомдо жашап жаткандыгынын күбөсү", — деген Жээнбеков.

Куттуктоодо Кыргызстандын гүлдөп-өнүгүүсү үчүн биргеликте элдин баалуулуктарын сактоо керек экендиги айтылып, президент жарандарга бекем ден соолук жана бакубатчылык каалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0