Бул жумада Бишкектин базарлары менен супермаркеттеринде көпчүлүк жашылча арзандаган.
Алсак, помидор 2 сомдон 20 сомго чейин, бадыраң 10 сомдон 17 сомго чейин баасы түшкөн.
Ал эми калган азык-түлүктүн баасы дээрлик өзгөргөн эмес.
Азык-түлүктүн баасы бир жыл ичинде кандай өзгөргөнүн Sputnik Кыргызстан агенттигинин инфографикасынан караңыздар.