Ишембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет

БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Ишемби күнү эртең менен жана күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Күн сууктап, Чүй, Таласта 10…15, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде 14…19, Ысык-Көл менен Нарында 18…20 градус жылуу болот.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, күн 13…15 градус жылыса, Ошто 17…19 градуска чейин жылышы күтүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0