Шейшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрден Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет

БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Шейшемби күнү Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, тоолуу райондордо жамгыр карга айланат. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрден Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө 13…18 градус болсо, Таласта 12…17, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде 15…20 градус жылуу болот. Ал эми Ысык-Көл менен Нарында 9…14 градуска чейин жылышы күтүлүүдө.

Бишкек менен Ош шаарларында күн ачык болуп, 17…19 градус жылуу болору айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0