Тирешкен дарыгерлер. Токтогулдагы ооруканада чыккан жаңжалдын чоо-жайы

Жазылуу
Токтогул райондук ооруканасынын дарыгерлеринин чогулуш учурунда чырдаша кеткен видеосун Sputnik Кыргызстан агенттигине күбө жиберди.

Окуянын чоо-жайын тактай келгенде жаңжалдын тамыры тереңде экени анык болду. Аймактык оорукананын директору Нуржамал Тешебаеванын ишине нааразы болгон Профсоюз комитети менен медайымдар аны жумуштан кетирүү талабы менен арыз жазган.

Портфель - Sputnik Кыргызстан
Политехтеги мушташ: кафедра башчысы менен аспиранттар иштен алынды
Алар беш жыл мурун дайындалган жетекчисине "кызматкерлерди басынтат, орой мамиле жасайт, жең ичинен сүйлөшүп штаттан сырткары адамдарды жумушка алат жана мурда иштегендердин айлыгын азайтып салды" деп доомат коюуда.

Инфекциялык бөлүмдүн медайымы Нуркыз Караева 27 жылдан бери эмгектенип келет. Ал мурда 17-18 миң сом айлык алса, жаңы директор келгенден кийин 7200-7400 сом маяна алып калганына кейийт.

"Иштеген сааттарды кыскартып, түрдүү шылтоо менен айлыктан кармап кала берип маянабыз эки эсе азайып кетти. Анысы аз келгенсип басмырлап, шылдыңдап ар кимге ат коюп алган. Медайым, санитардык кызматкерлерди адам катары көрбөй, кагып-силкет. Келген комиссиянын баары директорду жактайт. Министрликтен келген комиссия менен чогулуш болуп жатканда сырттан директор жалдаган "дүжүр" аялдар кирип келди. Бизди "ушакчысыңар" деп жулмалап жаңжал чыгарды. Директор ажыратып коюнунун ордуна телефонго тартып турду", — деди Караева.

Анткен менен оорукана директору Нуржамал Тешебаева жогорудагы дооматтарды төгүнгө чыгарып, жалаа жабуу деп эсептейт. Ал мунун баары түшүнбөстүктөн улам болгонун айтып окуяны башка өңүттө сүрөттөдү.

Беш миң доллар пара талап кылган финполчунун кармалышы. Видео - Sputnik Кыргызстан
Беш миң доллар пара талап кылган финполчунун кармалышы. Видео
"Айлыктары азайган эмес, болгону мага чейин ашыкча алып жүрүшкөн. Аудит келип текшергенде туура эмес чыгып мыйзамга ылайыкташтырганбыз. Ошондо ашыкча сааттары кыскартылган. Бизде жалпы 270 штат бар, анын ичинен 247си жеке жактар. "Штаттан сырткары ишке алып жатат" деген да туура эмес. Куру доомат кылганы менен далилдей алышпайт. Тескерисинче жаңы жабдууларды алып, имараттарды ремонттоп бир топ жакшы шарттар түзүлдү. Муну келип жергиликтүүлөрдөн сурап, көрүп кетсеңер да болот", — деди Тешебаева.

Ал эми чогулуш өтүп жаткан жайга чоочун адамдар кирип жаңжал салышына кандайча жол берилди деген суроого так жооп бере алган жок. Болгону аларды тааныбай турганын айтат.

"Жаңжал чыгарган аялдарды мен чакырган эмесмин, ага эч кандай тиешем жок. Мага төрт киши нааразы болуп жүрөт. Алардын бирөө иштен кеткен, өзүмдүн орун басарым эмнеге капа экени түшүнүксүз, ага катардагы дарыгер кезинен тарта көп нерсе үйрөттүм. Профсоюз комитетинин төрайымы менен да алгылыктуу иштерди жасаганбыз. Күзөттө турган медайымды болсо башкалар түртмөлөп арыз жаздыртып жатат. Ал өзү мынчалыкка бармак эмес", — деди оорукана директору.

Ак халатчандардын чыры боюнча алгач Саламатык сактоо министрлигинин Жалал-Абад облусундагы координатору түзгөн комиссия текшерип дооматтар далилденген эмес. Бирок "адилет каралбады, комиссиядагылар директордун тууганы экен" деп нааразы болуп кайра арыз жазышкан. Мындан улам кийинки комиссия Бишкектен барган.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы комиссия мүчөсү Гүласыл Сутуева менен байланышканда, эки тарап катуу тирешип алганын билдирди.

"Министрликтен мен, милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондусунан бир аудит, бир юрист болуп барып эки күн териштирдик. Бараарыбыз менен жамаатта моралдык-психологиялык абал аябай курч экенин байкадык. Дароо эле "силер директорду коргойсуңар, мурунку келген комиссия директордун чайын ичип кеткен" деп ишенбей жатышты. Артыбыздан аңдып сүрөткө тартып, жаныбыздан чыкпай жүрүштү. Жада калса, түнөгөн мейманкабызга жашырынып барып жаттык", — деди Сутуева.

Председатель ГКНБ страны Абдиль Сегизбаев - Sputnik Кыргызстан
Абдил Сегизбаев президентке коррупция менен кантип күрөшөрүн айтып берди
Сырттан кирген чоочун аялдар мурунку директорго чейин жетекчи болуп иштеген Эркин Кожомбаевдин карындаштары болгон. Анын үстүнөн да бүгүнкү кишилер арыз жазып иштен алынгандан кийин каза болуп калган. "Профсоюздун төрайымы мурунку директорду да иштен алгам, муну да кетирем" дегенин угуп алар ошого ызаланып келишкени айтылат.

"Мындай абал көптөн бери эле өкүм сүрөт экен. Бул жерде юридикалык мыйзам бузуу эмес, өз ара мамилеси келишпей биринин үстүнө бир жалаа жаап калышкан. Мындай окуяга директордун түздөн-түз күнөөсү бар. Ички тартипти кармап, ынтымакты сактоо анын милдети да. Тирешип тура берсе кызматкерден эмне айырмасы бар. Ошол эле учурда оорукана мурдагыдан кыйла жакшырып, борбордо жок заманбап жабдуулар менен камсыздалганын айтпай кетсек болбос", — деди Сутуева.

Ал эми Жалал-Абад облустук милициясы бул боюнча арыз түшпөгөнүн билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0