Кайдан деп болобу... Кемероводогу каргаша Кыргызстанда кайталанбайбы?

© Фото / МЧС РФПожар в торговом центре "Зимняя вишня" в Кемерово
Пожар в торговом центре Зимняя вишня в Кемерово - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындан эки күн мурда Кемероводогу соода борборлорунун биринде чыккан өрт 64 адамдын өмүрүн алды. Алдын ала маалымат боюнча эл коопсуздук чараларынын сакталбаганынан улам сыртка чыга албай калган. Биз Бишкектеги соода борборлору коопсуздукка кепилдик бере алар-албасын иликтеп көрдүк.

Начало пожара в Кемерово — видео с камеры наблюдения - Sputnik Кыргызстан
Кемероводогу өрт кандай башталган. Видео
Өрт чалган "Зимняя вишня" соода борбору балдар менен барып эс ала турчу жай эле. Азырынча өрттүн эмнеден келип чыкканы так айтыла элек. Бирок Россиянын Тергөө комитети объектини эксплуатацияга берүүдө жана иштеп жаткан учурунда олуттуу кемчиликтер кеткенин белгиледи.

Кырсыкка күбө болгондордун айтымында, борбордун ичиндеги элдин сыртка чыгууга мүмкүнчүлүгү дээрлик болгон эмес. Жергиликтүү тургун өрт башталган маалда сигнализация иштебегенин RT каналына айтып берди.

"Эч нерсе иштеген жок! Бир жумадан бери жарык жок экенин, бир нерселер оңолуп жатканын, чатырынан суу акканын айтып жатышкан. Көйгөй чечилди деген, мына жыйынтыгы!" — деди маектеш.

Радмила Алиева аттуу колдонуучу Instagram баракчасына өрт чыккандан кийин эшиктин баары жабылып чыга албай жатканын айтып сиңдиси чалганын жазып чыкты.

"Говорит Москва" радиосу соода борборлорунун долбоорун жазгандар менен маектешкен. Аты-жөнүн айтуудан баш тарткан эксперт адамдар эмне үчүн имараттын ичинен чыга албай калганын айтып берди. Анын билдиргени боюнча алгач аталган соода борбору совет доорунда курулган завод болгон. Андан соң имарат соода борборуна айланып, бирок эвакуация үчүн жолдор көбөйтүлбөй, тепкичтер кеңейтилбей калган. Мындан тышкары, имараттын ичиндеги жайлар өрт өчүрүү, түтүндү жок кылуу системасы менен жабдылган эмес.

"Ал жакта көптөгөн эреже бузуу болушу мүмкүн. Эң негизгиси адамдык фактор, шалаакылык", — деди эксперт.

Бишкекте абал кандай?

Президент Сооронбай Жээнбековдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Кемероводогу каргаша. Сооронбай Жээнбеков Владимир Путинге көңүл айтты
Соода борборлорунун өрт өчүрүү эрежелеринин сакталышын Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция текшериши керек. Эрежелерди сактоо жаатында абал кандай экенин мекеменин аймактар аралык башкармалыгы айтып берди.

Былтыркы жылдын ичинде Бишкектеги эл көп барган 18 соода борбор жана башка комплекстер текшерилген. Иш жүзүндө алардын саны андан көп, бирок инспекторлор баарын текшерип "үлгүрбөй калыптыр".

"Инспекторлор жетишсиз. Калган объектилерди ушул жылдын аягына чейин текшерип чыгабыз", — дешти мекемеден.

Текшерүүгө алынган объектилер:

"Азия вест" соода борбору, Абдрахманов, 52;

"Караван" соода борбору, Киев, 128;

"Бета Сторес 1" соода борбору, Чүй, 150а;

"Бета Сторес 2" соода борбору, Юнусалиев, 177/2

"Фрунзе" гипармаркети, Мурманск, 52;

"Космопарк" соода борбору, Юнусалиев, 40а

"Тип-Топ" ЖЧКсы, Лев Толстой, 17;

"Ярмарка" соода үйү, "Жал" кичирайону;

"Ирет строй" базары, Дэн Сяопин, 18;

"Союз народных мастеров" коомдук бирикмеси, Чүй, 202 (өрт өчүрүү эрежелеринин сакталбаганы үчүн 50 миң сом айыпка тартылган);

"Весна" ЖЧКсы, Калык Акиев, 66;

"ГОИН" ЖЧКсы, Жибек Жолу, 405 (өрт өчүрүү эрежелеринин сакталбаганы үчүн 10 миң сом айыпка тартылган);

"Трейд лидер" ЖЧКсы, Лермонтов, 35 (өрт өчүрүү эрежелеринин бузулушу үчүн 50 миң сом айыпка тартылган);

"Метрополь" ЖЧКсы, Фрунзе, 340;

"Эйрон трейдинг" ЖЧКсы, Шопоков, 89;

"ЦУМ" ААК, Шопоков, 155;

"Дордой Плаза" соода борбору, Ибраимов, 115;

"Red Centre" соода үйү, Шопоков, 121/1

Көрүнүп тургандай, 18 объектинин үчөөнөн гана эреже бузуу аныкталган. Тизмеде жакында эле ачылган Asia Mall, "Бишкек парк", "Чынар" соода үйү жок. Биз аталган жайлардын өкүлдөрү менен байланыштык.

Күлгө айланган күркөлөр. Ош базардын өрттөн кийинки көрүнүшү - Sputnik Кыргызстан
Күлгө айланган күркөлөр. "Ош" базардын өрттөн кийинки көрүнүшү
"Чынар" соода үйүнү администрациясы Экотехинспекция тарабынан текшерүү жүргүзүлбөгөнүн, "бирок универмагдын кызматкерлери коопсуздук эрежелерин сактоого аракет кылышарын" айтты.

"Бир жума мурда коопсуздук кызматы, электриктер, суу түтүктөрүн көзөмөлдөөчү адистер жана башка персоналга окутуу иш-чаралары өттү. Өрт чыккан учурда эмне кылуу керектиги, насостордун, гидранталардын кантип иштей турганы түшүндүрүлгөн. Бирок негизинен өрт өчүргүчтөрдү текшерип турабыз, эгер басым азайып кетсе, аларды кайра толтурууга аракет кылабыз. Имараттын ар бир бурчунда өрт өчүрүү үчүн тепкичтер бар, алар дайым ачык", — дешти администрациядан.

Бишкектиктерди дооматы

Кемероводогу каргаша бишкетиктердин да тынчын алды. Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы менен сүйлөшкөн Мэруэрт Елебаева балдарын соода борборлорундагы аянтчаларга көп алып барарын айтты. Ал балдар аянтчаларынын баары имараттын үстүңкү кабаттарында экенин, ал тепкичтер өтө эле кууш экенин белгиледи.

"Бир кырсык болсо адамдар кууш тепкичтерден түшүп кете алат деп айта албайм. Кээ бир аянтчаларда бир эле убакта 200-300 киши болот. Кемероводогу кырсыктан кийин абайлап калдым. Эвакуация маселесин чечип же аянтчаларды ылдый жакка түшүрмөйүнчө барбайт деле болушубуз керек", — деди келин.

Бактыга жараша, борбор калаадагы соода борборлору өрт кырсыгына кабылган эмес. Бирок былтыр ноябрь айында ошондой жайдын биринде күтүүсүз жерден жарык өчүп калган. Атын атагысы келбеген шаар тургуну ошол маалдагы дүрбөлөң тууралуу кеп салып берди.

Анын айтымында, ылдый жакта жүргөн ата-энелер жогорку кабаттагы балдарына тепкич аркылуу жетүүгө аракет кылышкан. Бул учурда айрымдар төмөн көздөй түшүп келе жатышкан.

"Жогору жакта жүздөгөн бала чуру-чуу түшүп ыйлап жатты, ата-энелер балдарын таппай ызылдап… Администрация эч нерсе кыла албай койду. Эгер өрт чыгып кетсе деле ушундай көрүнүш кайталанат. Мындан улам балдар аянтчаларын ылдый түшүрүш керек го", — деди окуяга күбө болгон адам.

Здание торгового центра Зимняя вишня в Кемерово, где произошел пожар - Sputnik Кыргызстан
Кемероводогу өрттө сигнализацияны өчүрүп салган кароолчу кармалды
Ал арада соцтармак колдонуучулары бийликтен соода борборлорун текшерүүнү өтүнүүдө. Кемероводогу трагедия тууралуу жазылган маалыматтын алдында Айнура Давлетбекова көзөмөлдү күчөтүүнү суранган.

Ушундай эле өтүнүч менен Татьяна Жданова да кайрылган.

Ушу тапта Россиянын Тергөө комитети адам өмүрүн алган каргашанын себебин аныктоо үчүн "Зимняя вишня" соода борборунун жетекчилиги менен кызматкерлерин суракка алып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0