Кыргызстан "Акылдуу шаар" боюнча Huawei менен келишимди бузду

© REUTERS / Philippe Wojazer / File PhotoHuawei компаниясынын логотиби. Архив
Huawei компаниясынын логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт аталган долбоорду өз күчү менен ишке ашыра турганын айтты

БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Кыргызстан "Акылдуу шаар" инвестициялык долбоору боюнча милдеттенмелердин аткарылбагандыгына байланыштуу келишимден чыгууну чечти. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, Кыргызстан долбоорду ишке ашыруу боюнча сапатсыз документтердин, атап айтканда, техника-экономикалык негиздеменин (ТЭН) сапатсыз даярдалышына жана сунушталышына байланыштуу чыккан.

"ТЭН даярдоо процессинде инвесторлор консорциуму тарабынан КР өкмөтүнүн функционалдык жана техникалык талаптарынын кеңири чөйрөсү боюнча шарттары сакталган эмес. Тараптар бир катар техникалык маселелер боюнча, атап айтканда, долбоордун мындан ары өнүгүүсүн чектеген маселелер тууралуу макулдашууга келген эмес", — деп айтылат маалыматта.

Долбоордун өлкө үчүн артыкчылыгын эске алуу менен КР өкмөтү "Акылдуу шаар" долбоорун эл аралык долбоорлор жана бизнес сектордун колдоосу аркылуу өз күчү менен ишке ашырууну чечти.

Дубай шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бизде да жүзөгө ашабы? "Акылдуу шаар" башка өлкөлөрдө кандай иштейт?
"Биз инвесторлордун ресурстарын жана мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууну көздөгөнбүз, бирок тең-инвесторлор долбоорду ишке ашырууну создуктуруп, ал эми биздин жарандардын жолдордогу коопсуздугун камсыздоо абалы татаал бойдон кала бергендигине байланыштуу бул долбоорду өз күчүбүз менен ишке ашырууну чечтик", — деди Инвестицияларды алга жылдыруу жана коргоо боюнча агенттигинин директору Эсен Момункулов.

Келишим күчүнө кире электигине байланыштуу инвестициялык келишимдин аракетин жокко чыгарууда КР өкмөтү кандайдыр бир юридикалык жана экономикалык кесепеттерге кириптер болбойт.

Эске салсак, өкмөт "Акылдуу шаар" долбоорун кытайдын Huawei компаниясы менен ишке ашырарын жар салып, келишимге кол койгон.

"Акылдуу шаар" — өлкө жолдоруна видеокамералар орнотула турган система. Алар шаардын көчөлөрүндөгү эреже бузууларды каттайт, ошондой эле транспорттук агымдын абалына көзөмөл салат. Бийлик бул тутум аркылуу кылмыш санын, жол кырсыгын азайтуу жана террордук коркунучтарды жоюуну каалайт.

Камераларды Бишкек жана Ошто, Бишкек — Ош жана Бишкек — Чолпон-Ата кан жолунда, ошондой эле "Манас" аэропортуна кеткен жолдо орнотуу пландалган. Инвестициянын көлөмү 60 миллион долларды түзүп, долбоорду ишке ашыруу бир жарым жылга уланат деп айтылган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0