БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Кыргызстандын өкмөтү "Акылдуу шаар" долбоорун ишке ашыруу үчүн Huawei Technologies Co.Ltd Кытай компаниясы менен келишим түздү.
Эки тараптуу келишимге кол кою иш-чарасы премьер-министр Сапар Исаковдун катышуусунда өкмөт үйүндө өттү. Бул боюнча түз инвестициялык келишим түзүлгөндүктөн тендер жарыяланган эмес.
Видео көзөмөл Бишкек менен Ош шаарларына, Бишкек — Ош, Бишкек — Чолпон-Ата унаа жолу, ошондой эле "Манас" аэропортуна орнотулат.
Инвестициянын көлөмү 60 миллион долларды түзүп, долбоорду ишке ашыруу жарым жылга созулат.
"Акылдуу шаар" долбоорун ишке ашыруу зарылдыгын премьер-министр Сапар Исаков 2017-жылдын август айында жарыялаган.
Компания программалык камсыздоону даярдаган адистерди даярдап, киберкоопсуздукка кепилдик берет.