Бизде да жүзөгө ашабы? "Акылдуу шаар" башка өлкөлөрдө кандай иштейт?

© AFP / GIUSEPPE CACACEДубай шаары. Архив
Дубай шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кытайдын Huawei ишканасы тарабынан Кыргызстанда "Акылдуу шаар" долбоору ишке ашырылат. Башка өлкөлөрдө Smart City ("Акылдуу калаа") кандай иштеп жаткандыгына Sputnik Кыргызстан редакциясы саресеп салды.

БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Бишкек, Ош шаарларында жана бир катар өзгөчө маанидеги кан жолдордо кырсыктын алдын алуу үчүн "Акылдуу шаар" долбоору ишке ашырылмакчы. Анын алкагында видеокамералар орнотулуп, жолдо эреже бузууларды каттап, транспорттук агымдын абалына көз салынат.

Долбоорду Кытайдын Huawei Technologies Co. Ltd ишканасы менен биргеликте ишке ашыруу туурасындагы келишимге өкмөт ушул жылдын башында кол койгон. Инвестициянын көлөмү 60 миллион долларды түзүп, иш 1,5 жыл ичинде аяктайт.

Sputnik Кыргызстан редакциясы долбоор ишке киргизилгенде шаардыктардын жашоосу канчалык өзгөрөрүн болжоп көрүүнү чечти. Анүчүн биз Smart City башка өлкөлөрдө кандай иштегенин тактап чыктык.

Дубай (БАЭ)

Жакында Сапар Исаков Бириккен араб эмирлигине иш сапары менен барып, Дубай полициясынын штаб-квартирасында болду. Анда кыргыз премьер-министрине шаардын көчөлөрүндөгү тартипти 8 миң камера жана дрон көзөмөлдөп турарын, атургай, спутниктер да ишке салынганын айтып беришкен.

Ошондой эле Исаковго калаа тургундары айып пул төлөп, жолдогу эреже бузуулар туурасында кабарлай ала турган Dubai Polis мобилдик тиркемесин да көрсөтүшкөн. Аны 2 миллионго жакын, тагыраак, ар бир үч дубайлыктын экөө пайдаланат. Аталган тиркемеде SOS баскычы бар. Кооптуу кырдаалга кабылганда жаран ошол кнопка аркылуу полицияны чакыра алат, анын кай жерде экендиги туурасында маалымат дароо кызматка түшөт. Андан тышкары, шаардыктарга өзүнчө дагы бир кызмат көрсөтүлөт, эгер алар бараткан жолдо кырсык катталып, өтүүгө мүмкүн болбосо, башка көчө сунушталат.

Иньчуань (Кытай)

Город Ош - Sputnik Кыргызстан
Исаков Ош шаарын өнүктүрүүгө багытталган атайын кеңешме өткөрдү
Нинся провинциясынын борбор калаасы Иньчуань "Акылдуу шаар" долбоорунун көрүнүктүү үлгүсү катары эсептелет. Бүгүнкү күндө бул чакан шаар банк карталары, жол билеттери жана накталай акчанын зарылдыгы жок дүйнөдөгү жападан жалгыз калаа болуп саналат. Булардын ордуна тургундар өз жүздөрүн гана пайдаланат. Мисалга, коомдук транспортто орнотулган жүз таануучу тутум жол кирени автоматтык түрдө жүргүнчүнүн эсебинен алат, бул ыкма дүкөндөрдө да колдонулат.

Шаардын ар бир бурчундагы таштанды челектерде да күн батареясы менен иштеген пресс акыр-чикирди улам таптап, адаттагыдан беш эсе көп калдыкты батыра алат. Контейнерлер толгондо коммуналдык кызматка коңгуроо түшүп, аны ташып кетип турушат.

Шаардык администрациянын имаратына баш баккандарды кызматкерлердин ордуна жандуу голограммалар тосуп алат. Мурда аткаминерлер менен сүйлөшүп, кезек күтүп маселелерин чечип келсе, тургундар эми андай амалдардын баарын онлайн гана бүтүрүп алышат. Мындан сырткары, мэриянын кириш залынын дубалдарында QR-код тартылган. Аны акылдуу телефон аркылуу сканерлеп алып, көп берилчү суроолорго дароо жооп алышат.

Саламаттык сактоо багытында да шаардыктарга өз дарыгери менен Haodaifu Online атайын сайтында баарлашууга мүмкүнчүлүк берчү онлайн-программа кирген. Тургундар бейтапканага барып да убара болбойт, дарыгердин көрсөтмөсү жана рецепт онлайн келет.

Милтон-Кинс (Улуу Британия)

Улуу Британия бийлиги Милтон-Кинс шаарын өнүктүрүүнү чечет. Ал борбор шаардан 72 чакырым ыраак. Анын райондору да бири-биринен ушундай эле аралыкта жайгашат.

Smart (Акылдуу) макамын шаарга 2010-жылы эле, Catapult Transport Systems (Катапульттук транспорттук тутумдар) өкмөттүк программасынан соң ыйгарышкан. Ал демилгенин алкагында көчөлөрдө электр менен жүргөн эки орундуу унаалар пайда болгон.

Кийинчерээк маалымат топтоочу бирдиктүү тутум – MK:Smart иштей баштаган, анын артыкчылыгы – ар бир жашоочу андан пайдалана алгандыгында. Датчиктер жана видеобайкоо камералары аркылуу программа адамдардын жана транспорттун кыймылы, ошондой эле суу жана электр энергиясынын колдонулушу туурасында маалымат чогултат. Шаардын тургундары бул тутумдун жардамы менен энергия жана суу чыгымдарын өз алдынча көзөмөлдөй алат. Андан да артыгы, коомдук транспорттун жүрүш сааттарын же кайсы жерде унаа токтотууга бош орун бар экендигин карап биле алат.

Фудзисава (Япония)

Япония бийлиги акылдуу калаалар боюнча баарынан озуп кеткен, бүгүнкү күндө япондор жогорку технологиялык экинчи шаарды — Цунасиманы курууга киришти.

Алгачкы акылдуу калаа — Фудзисава Японияда 2014-жылы пайда болгон. Токиодон бир сааттык жолдогу бул коттедждик кыштак жогорку технологияга жык. Долбоор тиричилик техникасы жана электроника өндүрүшүндөгү белгилүү болгон Panasonic ишканасы тарабынан ишке ашырылган.

Бардык үйлөрдө күн энергиясы колдонулат, ал эми көчөдө шамчырактар адамдар басып жүргөн маалда гана жанат. Энергиянын ашканы коңшу шаарларга сатылат, кырсык тооруган учурларда анын кору шаарды үч суткага чейин жарык менен камсыздап турууга жетет.

Мындан тышкары, ар бир үйдө тиричилик техникасы автоматташтырылган. Мисалы, телевизор эч ким көрбөгөн маалда өзү өчөт, ал эми аба салкындатуучу үйдө адамдардын бар же жоктугуна, ошондой эле санына жараша өзүнөн өзү жөнгө салынат.

Цунасима (Япония)

Фудзисава шаарынын тургундары 2014-жылы өз үйлөрүнө жайгашкандан кийин Panasonic корпорациясы Nomura Real Estate Development жана Uny ишканалары менен биргеликте Японияда экинчи акылдуу калааны — Цунасиманы жаратууга киришерин жар салган.

Долбоор келерки жылы аяктаары күтүлүүдө. Демилгечилер шаарды эң алдыңкы технология, табылгалар жана анын ичинде экологиялык автотранспорт, жүз таануучу функциясы бар видеобайкоо тутуму жана акылдуу тиричилик техникасы менен жабдууну убада кылып жатат.

Денвер (АКШ)

Panasonic корпорациясы Америкадагы Денверди да "акылдуу" калаага айлантуу аракетинде. Долбоорду ишке ашыруу үчүн шаар башчылыгы Колорадо штатындагы аэропорттон анча ыраак эмес 160 гектар аянтты компанияга бөлүп берген. Япониялык Фудзисава шаарында пайдаланылган жаңы технологиялар негиз катары алынган.

Акылдуу калаанын эң маанилүү өңүтү — ичиндеги бардык кыймыл толук көзөмөлдө болгондугунда. Дал ошондуктан инфраструктуранын болгон объектилери ар кыл датчик менен жабдылган. Буларга аба ырайын сезгичтер, байкоо камералары, Wi-Fi толкуну кармалчу жайлар, кыймыл билдиргичтер кирет. Баары автономдук райондук электр түйүнүнө туташтырылган, ал электр энергиясы өчүрүлгөн шартта да 72 саатка чейин иштей берет.

Премьер-министр КР Сапар Исаков - Sputnik Кыргызстан
Исаков: жол эрежесин бузгандар менен катуу күрөш эми башталат
Программанын жагымдуу жагы — көчөлөрдү жана шаардын кесилиштерин онлайн режимде көзөмөлдөп жана жөнгө сала турган "Х көчөсү" долбоору. Маселен, жол тыгынын суюлтуу үчүн айдоочуларга унаага жык жолдорго бурулууга тыюу салуу жөнүндөгү билдирүүлөр келет.

Сингапур

Акылдуу калаалардын жаралышына таңгалып бүтө албай турганыбызда Сингапур бул түшүнүктү жаңы деңгээлге чыгара алды. 2014-жылдын аягында өкмөт "Акылдуу улут" (Smart Nation) кеңири программасын жарыялады. Ал бийликтин коомдук жайлардын тазалыгын, көчөдөгү адамдардын санын, катталган унаалардын баарынын шаардагы кыймылына көз салууга шарт түзө турган камера жана сезгичтерди шаардын булуң-бурчунда орнотууну караган.

Андан сырткары, дымагы күч бул программанын алкагында кварталдардын бирин электр энергиясын жана сууну колдонууну маалында текшерип туруучу "акылдуу" сезгичтер менен жабдуу да каралган. Бул маалыматтар бийликке сууну сарамжалдоо жана аталган шаар-мамлекет ичер сууну импорттогон коңшу Малайзиядан көз карандылыкты азайтууга көмөк болот.

Engadjet жаңы технологиялар жөнүндөгү кабар порталы жазгандай, аталган режимде Yuhua кварталы жашай баштады. Тутум суу жана электроэнергиясын сарптоону көзөмөлдөйт, таштандынын иштетилишине көз салат, күн панелдеринин ишине байкоо жүргүзөт. Аны менен бирге эле долбоор маанилүү ресурстардын чыгымын өз алдынча көзөмөлдөй алууга жардам сунуп, коммуналдык эсептерди кантип азайтуу боюнча кеңеш берет.

Үйлөрдө да улгайган адамдардын кыймылын көзөмөлдөөчү атайын сезгичтер орнотулган. Шектүү жагдай (адаттан тыш кыймылдар же батир ичинде узакка кыймыл байкалбаса) капарына илингенде программа дароо туугандарына жана медициналык адистерге кабар берет.

Жаңылыктар түрмөгү
0