00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:05
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Антикоррупция как навык: в Кыргызстане начали готовить новое поколение чиновников
08:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Өлкө аймагында табигый кооптуу деп эсептелген 11388 тилке бар. Табият кырсыктарын алдын алуу тууралуу маек
09:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Личный интерес
Акция «Сады памяти» в Бишкеке превращает деревья в живые символы истории
10:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Улуттук баалуулуктарды сактоонун жолу. Бишкекте Салттуу музыка жумалыгы өтүүдө
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстанда экологиялык мониторинг жаңы деңгээлге чыкты — Жаратылыш министрлигинин лабораториялары жаңы стандарттар менен иштейт
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Салык декларациясы: ким милдеттүү, ким ыктыярдуу жана эмне өзгөрдү?
15:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Санариптик активдердин жанданышы менен Кыргызстанда брокерлике талап күчөйбү?
17:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
«Максатыбыз эненин ыйык экенин көрсөтүү эле». «Куса» моно спектакли тууралуу маек
19:06
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Салык декларациясы: ким милдеттүү, ким ыктыярдуу жана эмне өзгөрдү?
21:04
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кыргызстаныбызды көрктүү кылалы! Сапар Исаков элди "Таза жашоого" чакырды

Жазылуу
Улуттук компаниянын негизги максаты айылдык жана шаардык объектилердин санитардык абалын жакшыртуу, жашылдандыруу жана өлкөнүн бардык аймактарын көрктөндүрүп, иретке келтирүү болуп саналат

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Март айынан тарта Кыргызстанда "Таза жашоо" улуттук кампаниясы ишке кирди. Буга байланыштуу премьер-министр Сапар Исаков элге кайрылуу жасады.

Өкмөт башчы өз сөзүндө аталган программа буга чейин өткөрүлүп келген ишембиликтерден айырмалана турганын белгиледи.

Дубай шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бизде да жүзөгө ашабы? "Акылдуу шаар" башка өлкөлөрдө кандай иштейт?
"Тазалык жана сулуулук өзүбүздөн жана ар бир короодон башталат. Өлкөбүздүн экологиясына кайдыгер карабаган, жаңы экологиялык маданий процесске кошулууну каалаган, жаш муундарга үлгү көрсүткүсү келген жарандарды жана уюмдарды чакырабыз. Бизнес коомчулугунан экологиялык жоопкерчиликке тарбиялаган социалдык долбоорлорду күтөбүз. Урматтуу достор, кесиптештер, мекендештер, келгиле, баарыбыз бир күч болуп Кыргызстаныбызды таза жана көрктүү кылалы!" — деп айтылат Исаковдун кайрылуусунда.

Өкмөттүн маалыматына ылайык, аталган саамалык 1-марттан 31-майга чейин созулат. Анын негизги максаты — айылдык жана шаардык объектилердин санитардык абалын жакшыртуу, жашылдандыруу жана өлкөнүн бардык аймактарын көрктөндүрүп, иретке келтирүү.

Ошондой эле айлана-чөйрө иретке келтирилип, жөө жүргүнчүлөр үчүн жолдор курулат.

Мындан тышкары, суу чыгаруу, рекультивация, унаа токтотуучу жайларды куруу, имараттарды, балдар аянттарын сырдап-түзөө сыяктуу иштер аткарылат.

Кампания тематикалык көргөзмө, инсталляция, музыкалык иш-чаралар жана көркөм сынактар менен коштолуп, ага өлкөнүн бардык деңгээлдеги мамлекеттик органдары катыша алат.

"Таза жашоо" кампаниясынын алкагында төмөнкү сынактардын өткөрүлүшү каралууда:

"Эң таза аймак";

"Экологиялык жоопкер мамлекеттик орган";

"Экологиялык жактан жоопкер коомдук уюм/кыймыл";

"Тематикалык мобилдик тиркемени иштеп чыгууга мыкты идея".

Аталган сынактар боюнча байге фонду кампаниянын уюштуруу комитети тарабынан аныкталат.

Кампаниянын расмий хештеги — #тазажашоо (#tazajashoo).

Жаңылыктар түрмөгү
0