Окуя Кытайдын түштүк батышындагы Сычуань провинциясынын Ипин уездинде болгонун Daily Mail басылмасы жазып чыкты.
Жагымсыз көрүнүш видео байкоого түшүп калган. Анда көрүнүп тургандай, иттердин бири унаа алдында калып, жол ортосуна жатып калган. Анын артынан чуркап келген башка ит аны жолдун жээгине сүйрөп келген. Күбөлөр төрт буттуу жаныбар досун "тирилтүүгө" аракет жасап жатканын тартып алышкан.
Социалдык тармактын колдонуучулары бул итти баатыр деп аташты.