Карамушкина Ирина Юрьевна — өмүр баяны

© Фото / пресс-служба ЖК КРКарамушкина Ирина Юрьевна
Карамушкина Ирина Юрьевна - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ирина Карамушкина 1964-жылы 7-апрелде Чүй облусунун Сокулук районундагы Новопавловка айылында туулган.

Билими:

1989 — Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетин аяктаган;

Эмгек жолу

1981 — Фрунзе шаарынын №26 мектебинде улук пионер жетекчи, педагогикалык жамаат тарабынан окуу комсомолдук уюмдун катчысы;

1991 — тарых мугалими,

1992-2000 — Бишкек шаарынын №1 орто мектебинин тарбия иштери боюнча директордун орун басары;

1995 — Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынын (КСДП) катарына өткөн;

2002 — Бишкек мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын тарбия секторунда жетектөөчү адис;

2003-2007 — Бишкек мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын тарбия иштери боюнча секторун жетектеген;

2004 — Бишкек шаардык кеӊешинин депутаты;

2007-2010 — КР Жогорку Кеӊешинин V чакырылышынын депутаты;

2010-2015 — КР Жогорку Кеӊешинин V чакырылышына Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынын тизмеси боюнча депутат;

2016 — октябрь айында Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеӊештин VI чакырылышына депутат болгон.

Сыйлыктары:

Билим берүү, илим жана мадания министрлигинин, Бишкек шаарынын мэриясынын, Бишкек шаарынын Билим берүү башкармалыгынын грамоталары;

"Даӊк" медалы;

"Апрель элдик революциясынын баатыры" атайын төш белгиси;

2013-жылы мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеӊешчиси класстык чинге ээ болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0