БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Ысык-Көл облусунда бир жумалык рейддин жыйынтыгында 33 айдоочу мас абалында кармалган. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Ага ылайык, рейд 5-11-февраль аралыгында жүргөн. Катуу ылдамдыкта машина айдаган 194 айдоочуга административдик протокол түзүлүп, 51 автоунаа айып короого киргизилген.
Жалпысынан бир жумада облус аймагында жол эрежесин бузган 1112 факты катталган.
Ысык-Көл облустук милициясы айдоочуларга тушүндүрүү иштерин жүргүзүп, жол эрежелерин так сактоого чакырууда.
Январдын аягында өлкө боюнча 200дөн ашык айдоочу мас абалында кармалган болчу.