Ар бир адам кылмыш-кырсыктын бетин ары кылсын, жергебизде тынччылык болсун деп эле тилеп отурат эмеспи. Биз дагы жумушта ӨКМ, милициядан келген кабарларды угуп жаныбыз кейип отуруп калабыз. Кечээ да иш күнүбүз кудайга шүгүр тынч өттү деп үйгө кеткенбиз. Үйгө эми жетейин дегенде суук кабар келди. Москвадан Орск шаарына багыт алган самолет абага көтөрүлгөндөн кийин радардан жоголуп кеткен. Кийинчерээк Москванын четиндеги бир талаага кулап түшкөнү айтылды. Ичинде 65 жүргүнчү жана экипаждын 6 мүчөсү бара жаткан. Тийиштүү кызматтар набыт болгондордун сөөгүн издөө иштерин жүргүзүүдө. Мерт болгондордун үй-бүлөсүнө жана туугандарына кайрат жана сабыр тилейм!
Абадан кулап 71 адам бейажал кете берди. Алдын ала маалыматка ылайык, кырсыктан үч жашы жете элек бала каза болгон. Алардын бири 17 жаштагы өспүрүм болсо, экинчиси 13тө, эң кичүүсү беш жашта экен. Авиакырсыктан кийин тартылган алгачкы сүрөт, видеолорду жана кырсыктын кеспетин жоюу иштери тууралуу бул жактан көрө аласыздар.
Россиянын аймагында 500 миңден ашуун мекендешибиз бар. Каргашадан биздин жарандар жабыркабады бекен деп элчилик менен байланышсак, кудайга шүгүр, жок болуп чыкты.
Ал эми ишемби күнү Аксыда милиционер унаасы менен төрт мугалимди коюп кетип экөө каза болгон. Дагы экөө ооруканага жаткырылып бирөөнүн абалы оор экени айтылууда. Мерт болгон мугалимдер 30 жашта болчу. Экөөнүн артында чиедей төрт бала калды.
Дем алыш күндөрү өкмөт башчы сапар Исаков Бириккен Араб эмирлигинин Дубай шаарында өкмөттөр аралык дүйнөлүк алтынчы саммитине катышып келди. Анда 150гө жакын мамлекеттен келген өкмөт мүчөлөрү менен эл аралык уюмдардын өкүлдөрү укук коргоо, саламаттык сактоо, инвестиция жаатында тажрыйба алмашышты.
Анын алкагында Исаков Дубай полициясынын оозду ачырган "Көз" долбоору менен таанышты.
Мындан сырткары, дубайлык компания Бишкекке мейманкана жана бизнес борборун курууга кызыкдар экени айтылды.
Ал арада өкмөт башчы Көчмөндөр оюнуна алгачкы конокторду чакырууга да жетишкен.
Апта ичинде өлкөдө кандай аба ырайы күтүлөт?
Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.42 (сатып алуу) жана 68.76 (сатуу) сомду түздү.
Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгүсү 43.90 сом, АИ-92 үлгүсүндөгүсү 41.00 сом, ал эми дизель майы 41.00 сомдон сатылууда.
Соңку сөз. Кырсыктан алыс бололу!
Амандыгыңызды тилеп Эламан Карымшаков.