https://sputnik.kg/20260416/1100808568.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Курулуш тармагында оң тенденциялар байкалып, көлөмү 29,6%га өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат. Анда белгиленгендей, дүң... 16.04.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-04-16T08:59+0600
2026-04-16T08:59+0600
2026-04-16T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/04/10/1100808402_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_8a339fe2696964752ea4b958dba16095.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Курулуш тармагында оң тенденциялар байкалып, көлөмү 29,6%га өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат. Анда белгиленгендей, дүң жана чекене соода – 12,1%га, ошондой эле айыл чарба – 2,8%га көбөйдү. 2026-жылдын январь-март айларында өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу өлкө боюнча керектөө бааларынын жалпы өсүшү 3,3%ды түздү. Ошол эле учурда тамак-аш азыктары жана алкоголсуз суусундуктар 4,3%, алкоголдук ичимдиктер жана тамеки буюмдары – 3,1%, азык-түлүк эмес товарлар – 0,5%, ал эми калкка көрсөтүлгөн кызматтардын тарифтери – 5,3%га жогорулады. Алдын ала баалоолор боюнча, 2026-жылдын январь-март айларында өлкөнүн ички дүң продукциясы 428,6 млрд сомду түздү.
Кыргызстанда келечектеги мамлекеттик кызматкерлер үчүн рейтингдик система киргизилет. Бул тууралуу Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттиктин адиси Жыргал Маратбекова Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди. Анын айтымында, кенже кызмат орундарына бирдиктүү кадрлар резерви түзүлүп жатат. Бул кызматтарга иш тажрыйбасы жок талапкерлер да катыша алат, резервге биринчи кезекте жогорку окуу жайларын жаңы бүтүргөндөр киргизилет. Талапкерлерди тестирлөө этабы аяктады, учурда алар маектешүүдөн өтүп жатышат. Андан кийин кадрлар резерви түзүлөт. "Талапкерлер үчүн рейтингдик система болот. Мамлекеттик орган адистерди сураганда биз эң жогорку балл алган үч талапкерди жөнөтөбүз. Мамлекеттик орган бирин тандайт", — деп түшүндүрдү Маратбекова. Талапкерлер ээ болгон адистигине жараша жөнөтүлөт.
Соттук-эксперттик кызматта соттук экспертиза кафедраларынын башчылары жана ЖОЖдордун окутуучулары менен жолугушуу өттү. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти. Маалыматка ылайык, анда билим берүү системасы менен практикалык эксперттик ишмердүүлүктүн ортосундагы алаканы бекемдөө маселеси талкууланды. Өзгөчө көңүл жаш адистердин жетишсиздиги көйгөйүнө бурулду. Белгиленгендей, профилдик багыттардын бүтүрүүчүлөрү эксперттик чөйрөдө иштөөнү дайыма эле тандай беришпейт, анын бир себеби айлык акынын деңгээлине байланыштуу. Жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү бир катар маселелерди көтөрүштү. Атап айтканда, бардык эле бош орундарды бүтүрүүчүлөр менен толтуруу мүмкүн эмес, анткени тиешелүү билим берүү адистиктери жок. Буга байланыштуу окуу программаларын кеңейтүү жана актуалдаштыруу зарылдыгы баса белгиленди. Жолугушуунун алкагында окутуучуларга заманбап лабораториялык жабдуулар көрсөтүлүп, экспертизанын айрым түрлөрүн жүргүзүү процесси көрсөтмөлүү түрдө тааныштырылды.
Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова Кыргызстанда бөгөттөлгөн TikTok тиркемесин ачууну сунуштады. Парламенттин жыйынында сүйлөп жатып, эл өкүлү соцтармак колдонуучулары аталган тиркемеге баары бир VPN аркылуу кирип жатканын айткан. "улуттук коопсуздукту эске алып, жаш муундун тарбиясына көңүл буруу керек. Бирок тыюу салуу менен эч нерсеге жетишпейбиз. Бүгүнкү күндө TikTok жөн гана көңүл ачуу платформасы эмес, маалымат тар
Курулуш тармагында оң тенденциялар байкалып, көлөмү 29,6%га өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат. Анда белгиленгендей, дүң жана чекене соода – 12,1%га, ошондой эле айыл чарба – 2,8%га көбөйдү. 2026-жылдын январь-март айларында өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу өлкө боюнча керектөө бааларынын жалпы өсүшү 3,3%ды түздү. Ошол эле учурда тамак-аш азыктары жана алкоголсуз суусундуктар 4,3%, алкоголдук ичимдиктер жана тамеки буюмдары – 3,1%, азык-түлүк эмес товарлар – 0,5%, ал эми калкка көрсөтүлгөн кызматтардын тарифтери – 5,3%га жогорулады. Алдын ала баалоолор боюнча, 2026-жылдын январь-март айларында өлкөнүн ички дүң продукциясы 428,6 млрд сомду түздү.Кыргызстанда келечектеги мамлекеттик кызматкерлер үчүн рейтингдик система киргизилет. Бул тууралуу Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттиктин адиси Жыргал Маратбекова Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди. Анын айтымында, кенже кызмат орундарына бирдиктүү кадрлар резерви түзүлүп жатат. Бул кызматтарга иш тажрыйбасы жок талапкерлер да катыша алат, резервге биринчи кезекте жогорку окуу жайларын жаңы бүтүргөндөр киргизилет. Талапкерлерди тестирлөө этабы аяктады, учурда алар маектешүүдөн өтүп жатышат. Андан кийин кадрлар резерви түзүлөт. "Талапкерлер үчүн рейтингдик система болот. Мамлекеттик орган адистерди сураганда биз эң жогорку балл алган үч талапкерди жөнөтөбүз. Мамлекеттик орган бирин тандайт", — деп түшүндүрдү Маратбекова. Талапкерлер ээ болгон адистигине жараша жөнөтүлөт.Соттук-эксперттик кызматта соттук экспертиза кафедраларынын башчылары жана ЖОЖдордун окутуучулары менен жолугушуу өттү. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти. Маалыматка ылайык, анда билим берүү системасы менен практикалык эксперттик ишмердүүлүктүн ортосундагы алаканы бекемдөө маселеси талкууланды. Өзгөчө көңүл жаш адистердин жетишсиздиги көйгөйүнө бурулду. Белгиленгендей, профилдик багыттардын бүтүрүүчүлөрү эксперттик чөйрөдө иштөөнү дайыма эле тандай беришпейт, анын бир себеби айлык акынын деңгээлине байланыштуу. Жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү бир катар маселелерди көтөрүштү. Атап айтканда, бардык эле бош орундарды бүтүрүүчүлөр менен толтуруу мүмкүн эмес, анткени тиешелүү билим берүү адистиктери жок. Буга байланыштуу окуу программаларын кеңейтүү жана актуалдаштыруу зарылдыгы баса белгиленди. Жолугушуунун алкагында окутуучуларга заманбап лабораториялык жабдуулар көрсөтүлүп, экспертизанын айрым түрлөрүн жүргүзүү процесси көрсөтмөлүү түрдө тааныштырылды. Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова Кыргызстанда бөгөттөлгөн TikTok тиркемесин ачууну сунуштады. Парламенттин жыйынында сүйлөп жатып, эл өкүлү соцтармак колдонуучулары аталган тиркемеге баары бир VPN аркылуу кирип жатканын айткан. "улуттук коопсуздукту эске алып, жаш муундун тарбиясына көңүл буруу керек. Бирок тыюу салуу менен эч нерсеге жетишпейбиз. Бүгүнкү күндө TikTok жөн гана көңүл ачуу платформасы эмес, маалымат тар
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/04/10/1100808402_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_b5798e2faf34b025d173420ec01d81a0.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио