https://sputnik.kg/20260415/1100791792.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Улан Маматканов министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун... 15.04.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-04-15T11:00+0600
2026-04-15T11:00+0600
2026-04-15T11:46+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/04/0f/1100791626_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_f1c2efea0a960102e6c9aa474b6249b7.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Улан Маматканов министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун маалымат кызматы билдирди.Аны кызматка бекитүү үчүн талапкерлиги эми Жогорку Кеңешке макулдашууга киргизилет. Буга чейин аталган кызматты аркалап келген Эдил Байсалов АКШга элчи болуп кеткен эле. Маматканов 44 жашта, буга чейин өкмөттүн аппаратында иштеп келген.
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Чыңгыз Айдарбековго кылмыш иши козголуп, өлкөдөн чыкпоо түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалды. Ички иштер министрлиги ал тышкы иштер министри болуп иштеп турган мезгилде айрым кызмат адамдары менен алдын ала сүйлөшүп, бюджеттик каражатты пайдаланууга байланыштуу бир катар мыйзам бузууларга жол бергенин билдирди. "Акчаны мыйзамсыз сарптоо, айрым чыгымдардын көлөмүн жогорулатуу, материалдык баалуулуктарды жана акча каражатын тийиштүү документтерсиз же жасалма документтерди колдонуу менен эсептен чыгаруу, ошондой эле аларды өзүнө ыйгарып алуу фактылары, анын ичинде аффилирленген түзүмдөр аркылуу ыйгарып алуу фактылары катталды", — деп айтылат кабарда. Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 4-бөлүгү ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") менен кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө жүрүүдө.48 жаштагы Айдарбеков 2018-2020-жылдары тышкы иштер министри болуп эмгектенген. 2021-жылы Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты болуп шайланган.2022-жылы 10-октярбда ошол кездеги УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимдин долбоорун Жогорку Кеңешке алып келген. Келишимдин долбоорун Чыңгыз Айдарбеков төрагалык кылган Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет жабык караган. Төрага каршы добуш берип, комитеттин чечимине дагы кол койбой койгон, ага тиешелүү документтерди толук көрбөгөндүгүн жүйө келтирген. Айдарбеков көп өтпөй комитет төрагалыгынан бошотулган. Декабрда президент Садыр Жапаров аны элчи дипломатиялык рангынан ажыраткан.2025-жылы ноябрда өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо Чыңгыз Айдарбеков Бишкектеги №21 Ленин шайлоо округунан талапкерлигин коюп, 6259 добуш менен үчүнчү орунду алган.
Трамптын кылык-жоругунан баарынан көп АКШ зыян тартып, бедели түшүп жатат. Бул туурасында аскердик жана саясий баяндамачы Михаил Онуфриенко айтты."Мунайга муктаж болуп, Иранга акчасын төлөп жаткан европалыктардын кысыкты жабуу тууралуу коркутууларга кандай реакция кыларын элестетип жатам. Бул жөн гана каракчылык эмес, бул өзүнүн союздаштарына, анын ичинде НАТО боюнча өнөктөштөрүнө каршы согуш", — деди эксперт.Ал АКШда так, ырааттуу саясат жана алдыны көрө билүүчүлүк таптакыр жок экенин белгиледи. Мунайды жеткирүүлөр жана танкерлер бөгөттөлсө эң чоң сокку Иранга эмес, нефтиге көз каранды бардык өлкөлөргө, тагыраагы, дээрлик бүткүл дүйнөгө урулат. Онуфриенко Ак үйдүн кожоюну пайда табуунун ордуна бүт дүйнөнү өзүнө душман кылып жатканын айтты."Анын кесепетин Трамп өзү көрөт. Президенттин кылганы бир катар демократтардын эсинде калды, эми ал нерселер күздө өтө турган ортодогу шайлоодо Трампка каршы колдонулат", — деп эсептейт Онуфриенко.
Улан Маматканов министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун маалымат кызматы билдирди.Аны кызматка бекитүү үчүн талапкерлиги эми Жогорку Кеңешке макулдашууга киргизилет. Буга чейин аталган кызматты аркалап келген Эдил Байсалов АКШга элчи болуп кеткен эле. Маматканов 44 жашта, буга чейин өкмөттүн аппаратында иштеп келген.Жогорку Кеңештин экс-депутаты Чыңгыз Айдарбековго кылмыш иши козголуп, өлкөдөн чыкпоо түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалды. Ички иштер министрлиги ал тышкы иштер министри болуп иштеп турган мезгилде айрым кызмат адамдары менен алдын ала сүйлөшүп, бюджеттик каражатты пайдаланууга байланыштуу бир катар мыйзам бузууларга жол бергенин билдирди. "Акчаны мыйзамсыз сарптоо, айрым чыгымдардын көлөмүн жогорулатуу, материалдык баалуулуктарды жана акча каражатын тийиштүү документтерсиз же жасалма документтерди колдонуу менен эсептен чыгаруу, ошондой эле аларды өзүнө ыйгарып алуу фактылары, анын ичинде аффилирленген түзүмдөр аркылуу ыйгарып алуу фактылары катталды", — деп айтылат кабарда. Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 4-бөлүгү ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") менен кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө жүрүүдө.48 жаштагы Айдарбеков 2018-2020-жылдары тышкы иштер министри болуп эмгектенген. 2021-жылы Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты болуп шайланган.2022-жылы 10-октярбда ошол кездеги УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимдин долбоорун Жогорку Кеңешке алып келген. Келишимдин долбоорун Чыңгыз Айдарбеков төрагалык кылган Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет жабык караган. Төрага каршы добуш берип, комитеттин чечимине дагы кол койбой койгон, ага тиешелүү документтерди толук көрбөгөндүгүн жүйө келтирген. Айдарбеков көп өтпөй комитет төрагалыгынан бошотулган. Декабрда президент Садыр Жапаров аны элчи дипломатиялык рангынан ажыраткан.2025-жылы ноябрда өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо Чыңгыз Айдарбеков Бишкектеги №21 Ленин шайлоо округунан талапкерлигин коюп, 6259 добуш менен үчүнчү орунду алган. Трамптын кылык-жоругунан баарынан көп АКШ зыян тартып, бедели түшүп жатат. Бул туурасында аскердик жана саясий баяндамачы Михаил Онуфриенко айтты."Мунайга муктаж болуп, Иранга акчасын төлөп жаткан европалыктардын кысыкты жабуу тууралуу коркутууларга кандай реакция кыларын элестетип жатам. Бул жөн гана каракчылык эмес, бул өзүнүн союздаштарына, анын ичинде НАТО боюнча өнөктөштөрүнө каршы согуш", — деди эксперт.Ал АКШда так, ырааттуу саясат жана алдыны көрө билүүчүлүк таптакыр жок экенин белгиледи. Мунайды жеткирүүлөр жана танкерлер бөгөттөлсө эң чоң сокку Иранга эмес, нефтиге көз каранды бардык өлкөлөргө, тагыраагы, дээрлик бүткүл дүйнөгө урулат. Онуфриенко Ак үйдүн кожоюну пайда табуунун ордуна бүт дүйнөнү өзүнө душман кылып жатканын айтты."Анын кесепетин Трамп өзү көрөт. Президенттин кылганы бир катар демократтардын эсинде калды, эми ал нерселер күздө өтө турган ортодогу шайлоодо Трампка каршы колдонулат", — деп эсептейт Онуфриенко.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/04/0f/1100791626_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_5c7c7567f3febaad1c332a18c333732b.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио