https://sputnik.kg/20260415/1100788494.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров Алай районунун тургундары менен болгон жолугушууда өлкөдө жүрүп жаткан реформалар көп учурда коррупциялык топтордун каршылыгына туш... 15.04.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-04-15T09:00+0600
2026-04-15T09:00+0600
2026-04-15T09:26+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/04/0f/1100788328_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_3dcb9c45f92bc97ed508939f9e098b43.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров Алай районунун тургундары менен болгон жолугушууда өлкөдө жүрүп жаткан реформалар көп учурда коррупциялык топтордун каршылыгына туш болуп жатканын билдирди. Мамлекет башчысы белгилегендей, ар кандай өзгөрүүлөр оор кабыл алынып, сын-пикирлер, митингдер жана социалдык тармактардагы терс кампаниялар менен коштолууда. Президент мындай аракеттердин артында мурда каржы агымдарын көзөмөлдөп, мамлекеттин кызыкчылыгына зыян келтирүү менен жеке пайда көздөп келген адамдар турганын белгиледи. Садыр Жапаров 2020-жылга чейин мамлекеттик маанилүү документтердин көбү (паспорт, айдоочулук күбөлүк, аттестаттар ж.б.) чет өлкөлөрдө басылып келгенин эске салды. Бул жагдай ири коррупциялык схемаларга шарт түзүп келген. Ал эми учурда мындай документтер толугу менен Кыргызстанда чыгарылууда.
Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчилиги Электрондук декларациялоо борборунун курулушуна капсула салды. Ведомстводон билдиришкендей, борбордун түзүлүшү өлкөнүн бажы тутумун өнүктүрүүдөгү эң маанилүү тарыхый этаптардын бири болуп калмакчы. Борбор ишке кирсе: бажылык тариздөө процесстери 100% электрондук форматка өтөт, адам факторунун таасири минималдаштырылып, коррупциялык тобокелдиктер жоюлат, тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучулары документтерди жеке кабинет аркылуу, онлайн режимде тапшыра алышат. Долбоор заманбап жана ачык бажы системасын түзүүгө багытталган улуттук программанын жыйынтыктоочу этабы болуп саналат.
20–21-апрелде Баткен шаарында “Айгүл гүлү” эл аралык фестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирет. Фестивалдын негизги максаты — Кызыл китепке кирген сейрек кездешүүчү Айгүл гүлүн эл аралык деңгээлде таанытуу, коңшу мамлекеттер менен маданий байланышты чыңдоо жана элдер ортосундагы достук менен ынтымакты бекемдөө. Иш-чарага Баткен районунун айыл аймактарынан келген катышуучулар менен катар коңшу Өзбекстан жана Тажикстан өлкөлөрүнүн өкүлдөрү да катышат. Өнөрпоздордун чеберчилигин эл аралык деңгээлдеги калыстар тобу баалайт. Фестивалдын алкагында төмөнкү номинациялар боюнча сынактар уюштурулат: Кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү; Улуттук тамак-аштардын жарманкеси; Элдик ырлар жана аспаптык музыканы жандуу аткаруу сынагы. Ар бир номинация боюнча жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар каралган: 1-орун — 30 000 сом; 2-орун — 20 000 сом; 3-орун — 10 000 сом. Мындан тышкары, катышуучуларга кызыктыруучу белектер тапшырылат.
Эртең түштөн кийин жана 17-апрелге чейин жер-жерлердеги нөшөрдөн улам тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн. Бул туурасында ӨКМден билдиришти. Мындан тышкары, дарыялардын нугунан чыгып кетүү кооптуулугу бар экенин айтышты. Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек — Ош жолунда Төө-Ашууда, Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусунда жана Балыкчы — Казарман — Жалал-Абад жолунун Көк-Арт ашуусунда көчкү түшүшү ыктымал.
Президент Садыр Жапаров Алай районунун тургундары менен болгон жолугушууда өлкөдө жүрүп жаткан реформалар көп учурда коррупциялык топтордун каршылыгына туш болуп жатканын билдирди. Мамлекет башчысы белгилегендей, ар кандай өзгөрүүлөр оор кабыл алынып, сын-пикирлер, митингдер жана социалдык тармактардагы терс кампаниялар менен коштолууда. Президент мындай аракеттердин артында мурда каржы агымдарын көзөмөлдөп, мамлекеттин кызыкчылыгына зыян келтирүү менен жеке пайда көздөп келген адамдар турганын белгиледи. Садыр Жапаров 2020-жылга чейин мамлекеттик маанилүү документтердин көбү (паспорт, айдоочулук күбөлүк, аттестаттар ж.б.) чет өлкөлөрдө басылып келгенин эске салды. Бул жагдай ири коррупциялык схемаларга шарт түзүп келген. Ал эми учурда мындай документтер толугу менен Кыргызстанда чыгарылууда.Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчилиги Электрондук декларациялоо борборунун курулушуна капсула салды. Ведомстводон билдиришкендей, борбордун түзүлүшү өлкөнүн бажы тутумун өнүктүрүүдөгү эң маанилүү тарыхый этаптардын бири болуп калмакчы. Борбор ишке кирсе: бажылык тариздөө процесстери 100% электрондук форматка өтөт, адам факторунун таасири минималдаштырылып, коррупциялык тобокелдиктер жоюлат, тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучулары документтерди жеке кабинет аркылуу, онлайн режимде тапшыра алышат. Долбоор заманбап жана ачык бажы системасын түзүүгө багытталган улуттук программанын жыйынтыктоочу этабы болуп саналат.20–21-апрелде Баткен шаарында “Айгүл гүлү” эл аралык фестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирет. Фестивалдын негизги максаты — Кызыл китепке кирген сейрек кездешүүчү Айгүл гүлүн эл аралык деңгээлде таанытуу, коңшу мамлекеттер менен маданий байланышты чыңдоо жана элдер ортосундагы достук менен ынтымакты бекемдөө. Иш-чарага Баткен районунун айыл аймактарынан келген катышуучулар менен катар коңшу Өзбекстан жана Тажикстан өлкөлөрүнүн өкүлдөрү да катышат. Өнөрпоздордун чеберчилигин эл аралык деңгээлдеги калыстар тобу баалайт. Фестивалдын алкагында төмөнкү номинациялар боюнча сынактар уюштурулат: Кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү; Улуттук тамак-аштардын жарманкеси; Элдик ырлар жана аспаптык музыканы жандуу аткаруу сынагы. Ар бир номинация боюнча жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар каралган: 1-орун — 30 000 сом; 2-орун — 20 000 сом; 3-орун — 10 000 сом. Мындан тышкары, катышуучуларга кызыктыруучу белектер тапшырылат.Эртең түштөн кийин жана 17-апрелге чейин жер-жерлердеги нөшөрдөн улам тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн. Бул туурасында ӨКМден билдиришти. Мындан тышкары, дарыялардын нугунан чыгып кетүү кооптуулугу бар экенин айтышты. Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек — Ош жолунда Төө-Ашууда, Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусунда жана Балыкчы — Казарман — Жалал-Абад жолунун Көк-Арт ашуусунда көчкү түшүшү ыктымал.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/04/0f/1100788328_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_0b4e4b75f89287b51accad4730b41178.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио