https://sputnik.kg/20260416/1100814990.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Мурдагы тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин жокко чыгаруу боюнча БШКга арыз жазды. Бул тууралуу Борбордук... 16.04.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-04-16T13:00+0600
2026-04-16T13:00+0600
2026-04-16T13:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/04/10/1100814824_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_e91fc686631105659b6d7230f07aee39.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Мурдагы тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин жокко чыгаруу боюнча БШКга арыз жазды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти. 2025-жылы ноябрда өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо Айдарбеков Бишкектеги №21 Ленин шайлоо округунан талапкерлигин коюп, 6259 добуш менен үчүнчү орунду алган. Аталган округдан эң көп добуш алып депутат болгон Кубанычбек Конгантиев 10-мартта өз каалоосу менен мандатын тапшырган. Мындан улам бош калган мандат кийинки кезекте турган Айдарбековго берилиши керек эле. Бирок марттын соңунда ал БШК мандат бербей жатканын айтып чыккан. Кийинчерээк анын ИИМде сурак берип чыкканы кабарланган. Ички иштер министрлиги кечээ Айдарбековго кылмыш иши козголуп, өлкөдөн чыкпоо түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалганын билдирген. Ал тышкы иштер министри болуп иштеп турган мезгилде кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелүүдө.
Red Petroleum компаниясынын кармалган жетекчиси Акылбек Маматов камакка алынды. Бул туурасында Биринчи май райондук сотунан кабарлашты. Ал убактылуу кармоо жайында 13-июнга чейин отурат. Маматовго кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандарга шерик болгон деген күнөө тагылууда. Эске салсак, анын үй-бүлөсү УКМКнын мурдагы жетекчиси Камчыбек Ташиев менен тыгыз байланыштуу болгон. Бизнесмендин атасы Абдимуктар Маматов Жалал-Абаддагы мамлекеттик "Кыргыз петролеум компани" заводун башкарып турган. Май куюучу бекеттердин жетекчиси 13-апрелде кармалган. Ошол эле күнү Ташиевдин орун басары Тимур Шабданбеков жана комитеттин бир нече кызматкери да кармалганы кабарланган эле.
УКМК Ош шаарындагы Терешкова мектеп-интернатынын жатаканасынын буздурулушу боюнча кылмыш иши козголуп, сот өкүмү чыккан иш боюнча түшүндүрмө берди. Атайын кызмат 2022-жылы имаратты бузууда ошол кездеги Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысынын орун басары жасалма тендер өткөргөнүн маалымдады. Ага ылайык, ал бузулган имараттын курулуш материалдарын сатып, аларды жараксыз деп документтештирип койгон. Чыгым 7,7 миллион сомду түзгөн. Жыйынтыгында сот аны күнөөлүү деп таап, айыпталуучу 300 миң сом төлөөгө, ошондой эле келтирилген чыгым 6,7 миллион сомдун ордун толтурууга милдеттендирилген. Азыр анын иши апелляциялык арыздын негизинде Жогорку сотто каралып жатканы кошумчаланды.
Германиянын оппозициялык "Германия үчүн альтернатива" (Alternative für Deutschland) партиясынын тең төрайымы Алиса Вайдель Владимир Зеленскийдин Берлин сапарынын жыйынтыгын сындап, Киевге карата чындыкка жакыныраак саясат жүргүзүүгө чакырды. Ал пикирин X социалдык тармагына жазган. "Коргонуу жана калыбына келтирүү тармагында тыгыз кызматташуу, биринчи кезекте, Киев үчүн германиялык салык төлөөчүлөрдүн акчасы дагы көбүрөөк кетет дегенди билдирет. Чет өлкөлөрдөгү согуштардын мөөнөтүн узартууга миллиарддарды жумшоонун ордуна бизге, өлкөнүн ичине, жардам керек. Жөн эле айтып коюлган эмес, тынчтык боюнча чындыкка жакын саясат керек", — деген Вайдель. Саясатчы жазган постуна Германиянын канцлери Фридрих Мерцтин Украина Россия менен согушта жеңет деген позициясын көрсөткөн сүрөттү тиркеген.
Мурдагы тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин жокко чыгаруу боюнча БШКга арыз жазды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти. 2025-жылы ноябрда өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо Айдарбеков Бишкектеги №21 Ленин шайлоо округунан талапкерлигин коюп, 6259 добуш менен үчүнчү орунду алган. Аталган округдан эң көп добуш алып депутат болгон Кубанычбек Конгантиев 10-мартта өз каалоосу менен мандатын тапшырган. Мындан улам бош калган мандат кийинки кезекте турган Айдарбековго берилиши керек эле. Бирок марттын соңунда ал БШК мандат бербей жатканын айтып чыккан. Кийинчерээк анын ИИМде сурак берип чыкканы кабарланган. Ички иштер министрлиги кечээ Айдарбековго кылмыш иши козголуп, өлкөдөн чыкпоо түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалганын билдирген. Ал тышкы иштер министри болуп иштеп турган мезгилде кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелүүдө. Red Petroleum компаниясынын кармалган жетекчиси Акылбек Маматов камакка алынды. Бул туурасында Биринчи май райондук сотунан кабарлашты. Ал убактылуу кармоо жайында 13-июнга чейин отурат. Маматовго кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандарга шерик болгон деген күнөө тагылууда. Эске салсак, анын үй-бүлөсү УКМКнын мурдагы жетекчиси Камчыбек Ташиев менен тыгыз байланыштуу болгон. Бизнесмендин атасы Абдимуктар Маматов Жалал-Абаддагы мамлекеттик "Кыргыз петролеум компани" заводун башкарып турган. Май куюучу бекеттердин жетекчиси 13-апрелде кармалган. Ошол эле күнү Ташиевдин орун басары Тимур Шабданбеков жана комитеттин бир нече кызматкери да кармалганы кабарланган эле. УКМК Ош шаарындагы Терешкова мектеп-интернатынын жатаканасынын буздурулушу боюнча кылмыш иши козголуп, сот өкүмү чыккан иш боюнча түшүндүрмө берди. Атайын кызмат 2022-жылы имаратты бузууда ошол кездеги Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысынын орун басары жасалма тендер өткөргөнүн маалымдады. Ага ылайык, ал бузулган имараттын курулуш материалдарын сатып, аларды жараксыз деп документтештирип койгон. Чыгым 7,7 миллион сомду түзгөн. Жыйынтыгында сот аны күнөөлүү деп таап, айыпталуучу 300 миң сом төлөөгө, ошондой эле келтирилген чыгым 6,7 миллион сомдун ордун толтурууга милдеттендирилген. Азыр анын иши апелляциялык арыздын негизинде Жогорку сотто каралып жатканы кошумчаланды. Германиянын оппозициялык "Германия үчүн альтернатива" (Alternative für Deutschland) партиясынын тең төрайымы Алиса Вайдель Владимир Зеленскийдин Берлин сапарынын жыйынтыгын сындап, Киевге карата чындыкка жакыныраак саясат жүргүзүүгө чакырды. Ал пикирин X социалдык тармагына жазган. "Коргонуу жана калыбына келтирүү тармагында тыгыз кызматташуу, биринчи кезекте, Киев үчүн германиялык салык төлөөчүлөрдүн акчасы дагы көбүрөөк кетет дегенди билдирет. Чет өлкөлөрдөгү согуштардын мөөнөтүн узартууга миллиарддарды жумшоонун ордуна бизге, өлкөнүн ичине, жардам керек. Жөн эле айтып коюлган эмес, тынчтык боюнча чындыкка жакын саясат керек", — деген Вайдель. Саясатчы жазган постуна Германиянын канцлери Фридрих Мерцтин Украина Россия менен согушта жеңет деген позициясын көрсөткөн сүрөттү тиркеген.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/04/10/1100814824_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_3aed15e290ce7b1065a56b8d22b642de.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио