Подмосковьеде Ан-148 учагы кулады. Ичинде 71 адам болгон

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүү“Саратов аба жолдору” компаниясына таандык Ан-148 самолету. Архив
“Саратов аба жолдору” компаниясына таандык Ан-148 самолету. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учак абага көтөрөлгөндөн эки мүнөт өтүп радардан жоголуп кеткен

БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Домодедово аэропортунан учкан “Саратов аба жолдору” компаниясына таандык Ан-148 самолету кулады. Бул туурасында РИА Новости билдирди.

Учак Оренбург облусунун Оркс шаарын көздөй учуп бараткан. Бирок абага көтөрүлгөндөн эки мүнөт өтүп радардан жоголуп кеткен. 

“Ан-148 учагында 65 жүргүнчү жана экипаждын 6 мүчөсү болгон”, — деп айтылат ыкчам кызматтын маалыматында. 

Ошондой эле учак Рамен районундагы талаага түшкөнү айтылууда. Жабыркагандар туурасында азырынча так маалымат жок. Бул факты боюнча Тергөө комитети кылмыш ишин козгогон.

Жаңылыктар түрмөгү
0