00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
5 мин
Күн башат
Чыгармачылык билим жана кадр даярдоо: музыкалык-педагогикалык институттун ролу
09:06
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Как живут и на что имеют право иностранные мигранты в Кыргызстане
10:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Микрокредитти кантип туура колдонуп, карызга батып кетүүнү алдын алса болот?
11:04
28 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Ачык, так жана ыкчам: уруктук чарбаларга дотация берүү механизми
13:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
От Рима до Вавилона: почему рабовладение стало основой экономики - беседа о социуме
14:05
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
15:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
От «Газводы» до арт-объекта: как обновляли исторический павильон «Ак-Суу»
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Балдарга китеп жазып эле эмес, эмгекчилдиги менен да үлгү болгон Сулайманов
17:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только
c Кубатом Рахимовым
18:06
0 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Деньги и наставничество: зачем Кыргызстану закон о венчурных инвестициях
20:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
21:05
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Аксыда каза болгон 30 жаштагы эки мугалимдин артында төрт бала калды

Жазылуу
Көз жумган эки мугалимдин бири бүгүн жерге берилсе, экинчиси эртең коюлат. Экөө тең 30 жашта болчу.

ЖАЛАЛ-АБАД, 11-фев. — Sputnik. Аксы районунун Кербен шаарында милиционер машинасы менен коюп кеткен мугалим аялдардын бири комада жатат, абалы оор. Бул тууралуу Аксы райондук аймактык ооруканасынын реанимация бөлүмүнүн дарыгери Айнагүл Дуулатова Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди. 

Эске сала кетсек, 10-февраль күнү саат 17:00 чамасында Аксы районунун Кербен шаарында милиционер башкарып бараткан унаа жолдон тайлаганып, төрт адамды коюп кеткен. Эки адам каза болуп, дагы экөө ооруканага жаткырылган. Айдоочунун соо экендигин райондук оорукананын наркология бөлүмү тастыктап, ал эми бул факты боюнча ИИМдин Өздүк коопсуздук кызматы иликтөө иштерин жүргүзүп жатат.

"Бейтаптын абалы учурда оор бойдон калууда. Комадан чыга элек. Учурда ал түтүкчө аркылуу тамактандырылып жатат. Кырсыктын кесепетинен баш сөөгү менен мээсинен оор жаракат алып, сол акыреги сынган. Биздин бөлүмгө түшкөн учурдан бери аялдын ден-соолугунда эч кандай жылыш болгон жок", — деди Дуулатова.

Ал эми аталган оорукананын башкы дарыгери Медербек Осмонов кырсыктын экинчи жабырлануучусу 31 жаштагы Гүлмира Таштановага медициналык жардам көрсөтүлгөнүн белгиледи. 

"Бейтап бүгүн 11-февраль күнү ооруканадан чыгарылды", — деди Осмонов.

Эстеликке гүл коюп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Аксыда каза болгон мугалимдер. Билим берүү министрлиги бир күндүк айлыгын берет
Ал эми жабырлануучулар иштеген Кербен шаарындагы №52 Мамай атындагы негизги орто мектебинин директору Тажимырза Умаркуловдун айтымында, комада жаткан мугалим Мукадас Ажибаева аталган мектепте орус тили жана адабияты предметинен сабак берип келген. 

"Ажибаева бир уул, бир кыздын энеси. Үй-бүлөлүү. Жолдошу бар", — деди Умаркулов.

Ал ошондой эле жол кырсыгынан каза болгон 30 жаштагы мугалим Гүлазым Сармырзаеванын сөөгү 11-февраль күнү жерге берилгендигин кошумчалады.

"Гүлазым кесиби боюнча кыргыз тили жана адабияты предметинен мугалим эле. Ош мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктап, эки жылдан бери Мамай атындагы орто мектепте иштеп жаткан. Бирок мектепте саат жетишпегендиктен ал даярдоо классында сабак берип, музыка боюнча кружокту жетектечү. Үй-бүлөлүү эле. Артында беш жаштагы кызы жана үч жаштагы уулу калды", — деди Умаркулов.

Анын билдиришинче, каза тапкан экинчи мугалим 30 жаштагы Айчүрөк Исманованын сөөгү эртең, 12-февраль күнү, жерге берилет. 

Тез жардам кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бала тирүү экен, кайра бергиле! "Тез жардам" фельдшеринин бир күнү
Ал аталган орто мектепте информатика предметинен бир жылдан бери окуучуларга сабак берип келген. Мындан сырткары, мектептин китепканасын жетектеген. 

"Айчүрөк Исманова эки баланын энеси эле. Жолдошу Россияда иштечү. Артында даярдоо классында окуган жети жаштагы уулу менен төрт жаштагы кызы калды", — деди Умаркулов.

Маркумдардын жакындарына министр Гүлмира Кудайбердиева көңүл айтып, ошондой эле Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын кызматкерлери бир күндүк эмгек маянасын каза болгондордун үй-бүлөсүнө жардам иретинде которууну чечкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0