БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Тажикстандын Ички иштер министрлигинен 2017-жылы ашыкча салмактан улам 20 кызматкер иштен алынганын министр Рамазон Рахимзода билдиргенин Sputnik Тажикстан маалымат агенттиги жазып чыкты.
"Ашыкча салмактагыларды иштен алуу жөнүндөгү буйрук күчүндө. Былтыр 20 кызматкер ашыкча салмактын айынан иштен кетирилди. Аларга салмагын нормага тууралап келүү үчүн убакыт берилди. Андан кийин гана мурдагы ишине кабыл алынат", — деди Рахимзода.
Өлкөнүн милиция кызматкерлери өзүн жакшы формада кармап жүрүшү керектиги тууралуу бир топ эскертүүлөр берилген. Ички иштер министринин 2016-жылы декабрда берген буйругуна ылайык, ашыкча салмактан улам иштен алынуу коркунучу бар кызматкерлер бир айдын ичинде өзүн нормага тууралашы керек болчу.
ИИМдин талабына ылайык, бою 170 сантиметр болгондордун салмагы 75 килограммдан жогору болбошу кажет.
Министрликтин билдиришинче, ИИМдин бардык кызматкерлери бир жумада үч жолу беш чакырымга чуркап, бассейнде сүзүшөт.
Ашыкча салмактан кантип арылуу керектигин билип алыңыз.