БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Кандагы глюкозанын деңгээлине жооп берген аспрозин гормонунун азайышы ачка болуу сезимин төмөндөтүп, тамакка болгон каалоону басаңдатат. Бул тууралуу Nature Medicine журналына шилтеме берип РИА Новости жазып чыкты.
АКШдагы медициналык колледждин окумуштуулары тамакка табити тартпаган адамдардын FBN1 гени мутацияга дуушар болгонун аныкташкан. Бул топтогу адамдардын организминде аспорзин гормонун иштеп чыгарган белоктун анча чоң эмес фрагменти жок болот.
Изилдөөлөр аспорзин нерв клеткаларынын эки түрүнө ар башкача таасир эте турганын көрсөткөн. Мисалы AgRP нейрону тамакка болгон табитти күчөтсө, РОМС нейрондору аны басаңдатат. Натыйжада аспорзин гормону ачка болуу сезимин күчөтүп, организм тамак талап кыла баштайт.
Окумуштуулардын айтымында, ашыкча салмакка ээ адамдардын канынын курамында аспорзиндин көлөмү өтө жогору. Изилдөөчүлөр гормондун таасирин жокко чыгарган каражат жасалып, алгачкы клиникалык тажрыйбалар жүргүзүлгөнүн айтышты.