00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:00
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
4 мин
Экономикалык панорама
17:05
41 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
3 мин
Будь в курсе
Концерты и флешмобы больше не работают - представители УрФУ о том, как на самом деле строить молодёжную политику
08:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Алимент, зомбулук, мигранттар: Кыргызстанда адам укуктары кандай корголуп жатат?
09:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Будь в курсе
Глава Союза строителей о строительном буме в Кыргызстане, проблемах и будущем городов
10:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Фольклор, достук жана маданий мурас: Кыргызстанда VI Эл аралык “Наристе” фестивалы өтөт
11:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Ступор, толпа и телефон вместо помощи: разбираем ошибки очевидцев ЧС
12:05
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Курман айт — кайрымдуулуктун жана биримдиктин майрамы
13:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Бишкектин Башкы планы бекитилди: борбор калааны кандай өзгөрүүлөр күтөт?
15:05
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Изилдөөлөр уйкунун жетишсиздиги жана ашыкча уйку органдардын картаюусун тездетерин көрсөттү. Сапаттуу уйку кандай болушу кажет?
17:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Кыргыз киносунун келечеги: ири долбоорлор жана чоң пландар “Стоп кадрда” талкууланды
19:07
38 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Бишкектин Башкы планы бекитилди: борбор калааны кандай өзгөрүүлөр күтөт?
21:05
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жолдошбаев: депутаттарга кызматтык унаасы жана жардамчысы кайтарылышы керек

© Sputnik / Табылды КадырбековЖК депутаты Камчыбек Жолдошбаев. Архив
ЖК депутаты Камчыбек Жолдошбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЖКнын VI чакырылышынын депутаттары 2015-жылдын ноябрында кызматтык унаадан, андан көп узабай жардамчыдан баш тартышкан.

БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Токтом токуп, депутаттарга иштегенге шарт түзүп, машинасы жокторуна кызматтык унаасын кайтарып бериш керек. Жардамчыларды да кайра берсин. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине комментарий берип жатып айтты.

Бүгүн парламенттин жыйынында Жолдошбаев коомдук транспорттон түшүп келе жаткан эл өкүлдөрүн көргөндө алардын жөө жүргөнү үчүн уялып кетээрин айтып, ал сөзү коомчулукта чоң талкуу жаратты.

"Депутаттардын автоунааларын катчылыктагылар, иш башкармалыктагылар минип жүрүшөт. Кээ бирлери бош эле турат. Же аларды өкмөткө, жалпы элге өткөрсүн же депутаттардын өздөрүнө кайтарып берсин. Туруп алып, бөйрөктөн шыйрак чыгара беришеби. Депутаттар ишке жөө келиши керек эмес да. Бир жакка же эл менен жолугушууга барганда автобус тосуп барабы, эмне кылат?", — деди Жолдошбаев.

Анын айтымында, бир нече депутат келип, бул маселе боюнча кайрылган.

Коомдук транспорттогу жүргүнчүлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Депутаттар жөө жүргөндөн уялар-уялбасын айтып беришти. Пикирлер
"Эртең менен ишке келе жатсам, автобустан түшүп алып, жөө келе жатышат. Карап калдым да, атаңгөрү деп уялдым. Кээ бирлери такси менен келип жатат. Кээде ары жактан түшүп калып, сүйлөшүп жөө басып кирчүмүн. "Машинебиз жок болсо ушундай болот да, байке" дешет. Ичимден сызып жүрчүмүн. Мага бир нече депутат мурда деле бул маселе боюнча кеткен… Эмнеси болсо да чындыгын айттым", — деди депутат.

Башында кызматтык унаалардан баш тартуу маселеси көтөрүлгөндө кандай позицияда элеңиз деген сурообузга "эч кандай позицияда жок болчумун" деп жооп берди.

Депутаттан анын уялганы боюнча социалдык тармактагы айтылган пикирлерге көз карашын сурадык.

"Уяламбы, уялбаймбы — ал жеке өзүмдүн ишим. Айткандарым менин жеке пикирим" деген Жолдошбаев кызматтык унааларды муктаж депутаттарга кайра кайтарып берүү аракети бар экенин айтты.

"Депутаттарга кызматтык автоунаа берилип калса албайм, мага кереги жок. Өзүмдүкү бар. Жөө жүргүндөргө бергиле десем, 20-30 депутат чогулуп алып макул дешти. Алар эми өздөрү да аракет кылат. Токтомду кайра токуйт… Мен да ал маселени көтөрөм. Жардамчыларды да кайра берсин", — деди Жолдошбаев.

Унаага тагылган мамлекеттик туу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Министрлер минген унаалар: "белекке" алгандар, "мураска" калгандар
ЖКнын азыркы VI чакырылышынын депутаттары 2015-жылдын ноябрында кызматтык унаадан баш тарткан. Кийинчерээк ушул эле жылдын декабрь айында жардамчылары менен коштошуп, алардын эсебинен фракциялар катчылыктын кызматкерлеринин санын көбөйткөн.

Буга чейин парламентарийлер алар баш тарткан унаалар туура эмес бөлүнүп жатат деген пикирлерин айтышкан. Айнуру Алтыбаева кызматтык унаалар Акыйкатчы институтуна, китепканаларга берилип, алар бензинге бюджеттен акча алып жаткандыгын билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0