БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Кыргызстандык спортчу Абдурахманхаджи Муртазалиев жиу-житсу боюнча Азия континентинин ачык чемпионатында чемпион аталды. Бул маалыматты Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине спортчу өзү тастыктады.
Мелдеш 27-28-январда Монголиянын Улан-Батор шаарында өткөн. Анда кыргызстандык спортчу россиялык жана монголиялык балбандарды утуп, жеңишке жеткен.
Муну менен Муртазалиев 2018-жылдын эсебинен биринчи жеңишин камсыздап жатат.
Ал жиу-житсу боюнча Азия жана дүйнө чемпиону, КРдин бир нече жолу биринчилигин багындырган. Былтыр төрт жылда бир өтө турган Азия оюндарында алтын медаль тагынган.