Суукта балдар жана төрөт үйлөрү кантти? Учурдагы абал

© Sputnik / Таалайгуль УсенбаеваБишкектеги №1 төрөт үйү
Бишкектеги №1 төрөт үйү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
26-январда Бишкек ТЭЦиндеги авариядан улам көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочулары, ооруканадагы бейтаптар жана төрөтканадагы эне-балдар көп жапа чегүүдө.

Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстан агенттиги калаадагы төрөт үй, оорукана жана балдар, карылар үйлөрүнөн кабар алып, айрымдарына барып келди.

Төрөт үйлөрүндөгү абал

№1 төрөт үйүнүн башкы дарыгери Аминат Байтикованын айтымында, төрөт үйдөгү палаталарда температура 21-22 градусту көрсөтүүдө. 

© Sputnik / Таалайгуль Усенбаева№1 төрөт үйүнүн палаталарында температура 21-22 градусту көрсөтүүдө
№1 городской родильный дом в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
№1 төрөт үйүнүн палаталарында температура 21-22 градусту көрсөтүүдө

"Биринчи кабат муздак болгондуктан сактоого жаткан кош бойлуулардын баарын үйүнө чыгардык. Ал эми экинчи кабатта жаңы төрөгөн айымдар жатат. Ал жакта азырынча жылуу. Температура 20дан ылдыйлай баштаса палаталарга жылыткычтарды, төрөт залдарына генераторлорду иштетебиз. Абалы жакшыларды үйлөрүнө чыгардык. Азыр дагы төрөгөндөр келип жатат, кабыл алуудабыз", — деди Байтикова.

Учурда аталган төрөт үйүндө жаңы төрөгөн 45 эне ымыркайлары менен жатат. Биз барган учурда (27-январда саат 15:00дөр чамасында) төрөтканадагы палаталардын ичтери жылуу эле экен. Жаңы көз жарган айымдар балдарын жылуу ороп жатканына күбө болдук. 

© Sputnik / Таалайгуль УсенбаеваУчурда аталган төрөт үйүндө жаңы төрөгөн 45 эне ымыркайлары менен жатат
№1 городской родильный дом в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Учурда аталган төрөт үйүндө жаңы төрөгөн 45 эне ымыркайлары менен жатат

"Азырынча жылуу эле. Эч кандай нааразычылыктар деле жок. Бирок зал кичине салкыныраак болгондуктан балдарды ороп үстүн жылуу жабуудабыз ", — деди жаңы көз жарган Альбина Туратбек кызы.

Премьер-министр Сапар Исаков экстренно посетил ТЭЦ города Бишкек - Sputnik Кыргызстан
ТЭЦ жетекчиси: бүгүн кечинде жылуулук берилери айтылган, бирок жетишпей жатабыз
Эне жана баланы коргоо борборунда иштегендер имарат ичи муздай баштаганын айтып, палаталарда температура 17 градусту көрсөтүп жатканын кошумчалашты. Мындан улам аталган борбор жылыткычтарды колдоно баштаган.

№2, 3 жана 4 төрөт үйлөрүндө абал туруктуу экен. Эгер бөлмөдөгү температура 20 градустан төмөндөп кетсе, жылыткычтарды колдоно баштаарын төрөт үйлөрүнүн башкы дарыгерлери билдиришти.

Калаадагы ооруканаларда кырдаал туруктуу

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, учурда ооруканалардагы кырдаалды көзөмөлдөө үчүн ыкчам медициналык штаб түзүлгөн.

"Бишкекте борбордук жылуулукка кошулган 15 оорукана бар. Атайын штабдын текшерүүсүнө ылайык учурда бардык ооруканада температура +18…+20 градусту көрсөтүүдө", — деди министрликтин маалымат катчысы Жылдыз Айгерчинова.

Чүй облустук ооруканасында баары жайында деген жетекчилик катуу суукта үшүп жаткандар ооруканага келип баш калкаласа болорун билдирди. Ошондой эле 3-балдар ооруканасы да имараттын ичи жылуу экенин кошумчалады.

Балдар жана карылар үйү

Бишкектин 17 социалдык мекемесинде күнү-түнү нөөмөт уюштурулганын Социалдык өнүктүрүү министрлигинин соцкамсыздоо департаментинин жетекчиси Нурдөөлөт Базарбаев баса белгиледи.

"Бардык мекемелер анын ичинде балдар үйлөрү да борбордук жылуулукка кошулган болчу. Шаардагы карылар үйүнүн ар бир бөлмөсүнө жылыткычтар сайылган. Ал жакта температура 18ден кем эмес", — деди Базарбаев.

Карылар үйүндөгү ата-апалар батареялардын жанында колдорун жылытып, оронуп алып отурушат. 78 жаштагы Лилия Смирнова жылыткычтар иштеп жатканы менен үшүгөнүн жашырган жок. 

© Sputnik / Эркин АлымбековКарылар үйүндөгү ата-апалар батареялардын жанында колдорун жылытып, оронуп алып отурушат.
Деятельность Бишкекского дома-интерната для престарелых  - Sputnik Кыргызстан
Карылар үйүндөгү ата-апалар батареялардын жанында колдорун жылытып, оронуп алып отурушат.

"Эми жашаса болот, бирок баары муздак. Өзүм эле үшүкчөөл жан элем, бул суук кошул-ташыл болду", — деди Смирнова.

© Sputnik / Эркин АлымбековКарылар үйү
Деятельность Бишкекского дома-интерната для престарелых  - Sputnik Кыргызстан
Карылар үйү
Бишкек ТЭЦиндеги авариядан улам учурда өкмөт тарабынан ыкчам штаб түзүлдү. Ал эми премьер-министр Сапар Исаков түзүлгөн кырдаалга карабай Бишкек шаарынын тургундарына, өзгөчө социалдык объектилерге жылуулук берүүдө көйгөй жаралбашы керектигин баса белгиледи. 

Жаңылыктар түрмөгү
0