Жылуулук системасындагы суунун температурасы төмөндөгөндөн кийин шаардыктар тоңуп баштаганын билдиришти. Ал эми тийиштүү кызматтын өкүлдөрү ТЭЦтеги абал бир нече сааттын ичинде жөнгө салынарын убадалашкан.
Калаа мэри Албек Ибраимов ТЭЦтин буу казандарындагы авария оңдолгондон кийин 4-6 сааттан кийин жылуулук мурдагы калыбына келерин айтты. Мэр ошондой эле муктаж болбогон тиричилик буюмдары — үтүк, кир жуучу машиналарды иштетпей турууну суранган.
Бишкек ТЭЦинин аймагын каптаган буунун сүрөтүн Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан көрүңүздөр.