ТЭЦтин аймагын буу каптады. Сүрөт

© © фото очевидца, отправленное по Whats App-каналуСбои на ТЭЦ Бишкека
Сбои на ТЭЦ Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
26-январда "Электр станциялары" ААКтын маалымат кызматы саат 18:00дө Бишкек ТЭЦиндеги эски казандарга суу берүүчү жабдыктын иштен чыгышынан улам кубаттуулук 340тан 154 мегаваттка чейин азайтылганын билдирген.

БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Компания көйгөйдү бир нече саатта жоюга сөз берген, бирок 27-январь күнү эртең менен маалымат кызматы ТЭЦтеги авария жөнгө салына электигин маалымдады. Учурда адистер жылуулук берүү режимин жөнгө салуу үчүн аракеттерди көрүп жатат.

Анткен менен ТЭЦтин аймагын буу каптап турат.

Бийлик өкүлдөрү жаралган көйгөй боюнча шашылыш маалымат жыйынын өткөрүштү.

Бишкек ТЭЦинде болгон авария жана учурда борбор калаада эмне болуп жатканын тексттик трансляциядан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0