Белизден белгисиз маалымат. НТСтин мүлкүн талашкан компания тууралуу

© Sputnik / Михаил ДудинНТС телеканалынын имараты. Архив
НТС телеканалынын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Белизден келген жоопко караганда, НТСтин мүлкүн талашкан компания алардын каттоосунан үч жыл мурда чийилген

БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Бир ай мурда Grexton Capital Ltd. компаниясынын НТСтин мүлкүн камакка алуу туурасында райондор аралык сотко кайрылган доо арызы боюнча иш учурда Бишкек шаардык сотунун кароосунда. Бул тууралуу НТС компаниясынын юристи Амантур Абдырахманов билдирди.

"Соттун мүлктү камакка алган токтому бар эле. Аны жокко чыгаруу боюнча өзүбүздүн арыз шаардык соттун кароосунда, бирок процесс качан болорун бизге айтыша элек", — деди Абдырахманов.

Эске салсак, 2017-жылдын 19-декабрь күнү Жогорку соттун алдындагы Сот аткаруу департаментинин өкүлдөрү НТС телеканалынын имаратына келип, анын мүлкү камакка алынарын маалымдашкан.

НТС телеканалаынын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
НТСти талашкан Сергей Костырин деген ким
Кийинчерээк сот аткаруучулар каналдын үстүнөн сотко Grexton Capital Ltd компаниясынан арыз түшүп, анын негизинде телеканалдын мүлкүн камакка алуу чечими чыгарылганын билдирген. Арыз ээси аталган компаниянын адвокаты Елена Дзимидович аттуу жаран экени, Сергей Костырин аттуу адам тарабынан берген ишеним каттын негизинде сотко кайрылганы айтылган.

НТС каналынын тегерегинде болуп жаткан окуялар кыргыз коомчулугунда ар кыл пикирлерди пайда кылып, Grexton Capital Ltd. компаниясына кызыккандар арбыды.

Sputnik Кыргызстан Grexton Capital Ltd. деп аталган компаниянын жана анын кызыкчылыгын коргоп жаткан Елена Дзимидовичтин ким экендигин тактап көрдү.

Белизден учугу чыккан Grexton Capital Ltd

Sputnik Кыргызстан Белизге сурам жибергенде төмөнкү маалыматтар келген.

GREXTON CAPITAL LTD. Белизде 2006-жылдын 27-июнунда 53212 номери жана Blake Building, Suite 102 дареги менен катталган. Баштапкы капиталы 50 000 USD. GREXTON CAPITAL LTD. компаниянын регистринен 2015-жылы 1-январда чийилген деген маалыматты беришти.

Ал эми интернеттеги ачык маалыматтарга көз жүгүртсөк, офшор тиешелүү төлөмдөрүн учурунда төгүп турбаса, каттоодон чийилери жана башка жагдайлары айтылган.

Ошские небесные ворота — реконструкция во имя безопасности - Sputnik Кыргызстан
Жалгыз учагын ремонтко койгон мамлекеттик авиакомпания. Калган аба кемелери кайда?
"Белиздеги офшорлордун жетекчилери компаниянын каттоосун узартып жана мамлекетке төлөмдөрүн жыл сайын төгүп турбаса, акыркы төлөмүнүн мөөнөтү өткөн жылдан тарта регистрден чийилет. Мыйзам боюнча каттоодон чыгып калган офшордун кайсы аймакта болбосун, чарбалык ишин жүргүзүүгө, банктык эсептерди иштетүүгө укугу жок. Анткени менен каттоодон чийилген офшорлордун директорлору менен акционерлери компаниянын карызы жана милдеттери боюнча жоопкерчиликти толук тартууну уланта беришет. Каттоодон чийилген офшор тиешелүү айыппулдары менен пошлиналарын төлөгөн соң үч жылдын аралыгында жергиликтүү соттун чечими менен кайра калыбына келтирилет. Сот оң да, терс да чечим кабыл алышы мүмкүн", — деп айтылат маалыматта.

Эгерде Белизден алынган документтерге таянсак, GREXTON CAPITAL LTD. компаниясынын арызы укук талаасында мыйзамдуубу деген суроо жаралат.

GREXTON CAPITAL LTD. компаниясынын жактоочусу Елена Дзимидович менен байланышканыбызда, ал төмөнкүчө жооп берди.

"Азия универсал банкынын тарыхын билесизби? Ал ишмердүүлүгүн жана эсептерин жүргүзбөйт, сотто тараптардын бири катары чыгып жүрөт. Бул ага же жооп берүүчү, же доогер, же үчүнчү тарап катары сотто чыгууга тыюу салбайт да. Туурабы?" — деди ал.

Ал эми GREXTON CAPITAL LTD. компаниясынын регистрден чийилип калганын билбей турганын кошумчалады.

Бакивдердин башы көрүнгөн компания дешти

Талашка түшкөн НТС компаниясынын юристи Амантур Абдырахманов Grexton Capital Ltd. Кыргызстандын качып жүргөн президенти Курманбек Бакиевдин баласы Максим Бакиевдин өнөктөштөрүнүн бири Сергей Костыринге таандык деген пикирин айткан эле.

"Ишеним кат Минск (Белоруссия) шаарынан берилип жатат. Ишеним катты ага (Grexton Capital Ltd. кызыкчылыгын коргоп жаткан жактоочу Елена Дзимидовичке – ред.) Сергей Костырин берген. Менин маалыматыма караганда, Костырин эл аралык издөөдө. Ал Максим Бакиевдин өкүлү болгон", — деген Абдырахманов.

Юрист маалымат жыйынында көрсөткөн документке мөөр басылып, 24.11.2017 деген дата коюлгандыгын байкоого болот.

Нарындан алтын издеген компания

Бул компания тууралуу маалыматты Кыргызстандагы Юстиция министрлигинин сайтынан табууга мүмкүн эмес. Бирок ага таандык GREXTON INVESTMENT GROUP" (ГРЭКСТОН ИНВЕСТМЕНТ ГРУПП) деп аталган ишкана Кыргызстанда катталган болуп чыкты.

Курулуш иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жети сааттын ичинде тагдыры чечилген Liglass
"Кыргыз алтын" акционердик коомунун сайтында Grexton Capital ltd. (Белиз) компаниясы түптөгөн жоопкерчилиги чектелген "Grexton Investment Group" коому менен "Кыргыз алтын" биргелешкен ишкана түзгөндүгү жазылган. Ал 2008-жылы 27-июнда катталып, "Алтын-Тор Голд" деп аталган. Ошентип Курманбек Бакиевдин баласы менен өнөктөш делген компания Нарын облусунун аймагындагы Капка-Таш тоосундагы алтын кенди чалгындоо ишин баштаган. "Алтын-Тор Голд" туурасында Юстиция министрлигинин сайтынан төмөнкү маалыматтарды табууга болот. Директорлугуна Василий Слесарев аттуу адам дайындалып, ишкананын Матросов көчөсүндө жайгашканы айтылат.

11 ай мурда жанданган туунду ишкана

Ал эми GREXTON INVESTMENT GROUP тууралуу маалыматтарда компаниянын түзүүчүсү жана директору катары Азиз Ералиев аттуу адам көрсөтүлгөн. Анын 2017-жылдын 8-февралында, тагыраагы мындан 11 ай мурда кайрадан каттоодон өткөнү жазылган.

GREXTON TRADE COMPANY ("Грэкстон трейд компани") аттуу компания 2006-жылдын 30-октябрында каттоодон өткөн. Директору Костырин Сергей Александрович экени жазылып турат. Ишмердүүлүк тармагы – адистештирилбеген бирок дүңүнөн сатуу деп белгиленген.

Мындан сырткары, Костырин директор делип, 2006-2009-жылдары 5-6 компания катталган.

Елена Дзимидович деген ким?

Grexton Capital Ltd. компаниясынын атынан НТСке сот приставдары менен эмнеге келгендигин жактоочу Елена Дзимидович маалымат жыйынында журналисттерге айтып берген.

Кишенчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Акаевдер, Бакиевдер... Мекенге кайтууга шашпаган чөт өлкөдөгү кыргыз саясатчылары
Кызыкчылыгын жактап жаткан компаниянын кайда катталгандыгын билбегендигин жана жактоочу катары "максаты — кардарынын инвестицияларын кайтарып берүү экендигин" айткан.

Юстиция министрлигинин сайтында Дзимидович Елена Игоревна "Алекс жана партнерлер" жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси жана түзүүчүсү деп жазылып турат. Ишкана 2016-жылдын 5-январында катталган. Маалыматта аталган компанияны Дзимидович жана Алексей Тен, Эльмар Ногоев үчөө түптөгөнү маалымдалган. Андан сырткары интернеттен "Алекс жана партнерлердун" мамлекетке 2017-жылы 7 586,0, мурдагы жылы 10 505,0 сом салык төлөгөнү тууралуу маалыматты тапса болот.

Ал эми талашта турган НТС компаниясы учурда соттун чечимин күтүп, бирок кадимкисинче эле иш алып бара жаткандыгын юрист Абдырахманов айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0