00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:56
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги тоскоолдуктар жана 2026-жылга пландалган кооперациялык долбоорлор
11:04
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жыл башынан бери 2 млн укук бузуу аныкталды - “Коопсуз өлкө” долбоору ишке кандай ашууда?
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Цифровая миграция: как технологии меняют трудовую мобильность в ЕАЭС
18:07
26 мин
Тема дня
Проекты ЕАБР в Кыргызстане и улучшение интеграции в ЕАЭС: итоги работы банка
18:34
27 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Күмүш, акча бирдигине айлана алабы?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

НТСти талашкан Сергей Костырин деген ким

© Sputnik / Максат ЭлебесовНТС телеканалаынын имараты. Архив
НТС телеканалаынын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сергей Костырин мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин жакын адамы болгону айтылууда

БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. НТС каналынын үстүнөн сотко кайрылган Grexton Capital Ltd компаниясына ээлик кылат делген Сергей Костырин эл аралык издөөдө экенин Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Эске салсак, 19-декабрь күнү Жогорку соттун алдындагы сот аткаруу департаментинин өкүлдөрү НТС телеканалынын имаратына келип, анын мүлкү камакка алынарын маалымдашкан.

ЖК депутаты Өмүрбек Бабановдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
НТС каналынын жагдайы боюнча Өмүрбек Бабанов жана Сот департаменти үн катты
Кийинчерээк сот аткаруучулар каналдын үстүнөн сотко Grexton Capital Ltd компаниясынан арыз түшүп, анын негизинде телеканалдын мүлкүн камакка алуу чечими чыгарылганын айтышкан. Арыз ээси аталган компаниянын адвокаты Елена Дзимидович экени, анын Сергей Костырин деген адам тарабынан берген ишеним каттын негизинде сотко кайрылганы тууралуу маалымат тараган.

Sputnik Кыргызстан агенттиги Grexton Capital Ltd компаниясынын жетекчиси делген Костыриндин таржымалына кызыгып, ачык булактар менен тийиштүү органдардан жооп алууга аракет жасады.

Бул компания тууралуу маалыматты Кыргызстандагы Юстиция министрлигинин сайтынан табууга мүмкүн болгон жок. Бирок ага таандык GREXTON TRADE COMPANY деп аталган ишкана Кыргызстанда 2006-жылы катталган болуп чыкты. Анда бул компаниянын жетекчиси катары Костырин Сергей Александровичтин аты жазылган.

Сергей Костырин мурдагы президент Курманбек Бакиевдин баласы Максим Бакиевдин жакын адамы болгонун жана ошол учурда медиа тармагындагы бир канча ишканага ээлик кылып жүргөнүн коомдук активист Адил Турдукулов өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.

Митинг сторонников президента Киргизии Курманбека Бакиева - Sputnik Кыргызстан
Изделбей, Интерполдун тизмесинен өчкөн кыргызстандык экс-саясатчылар
"Костырин Максим Бакиевдин жакын адамы болгонун расмий органдар деле тастыктап берет. Ал эл арасында Бакиевге тиешелүү деп айтылган "Лента" рекламалык компаниясына, Business & Bishkek журналына, Golden Media ЖЧКсына жана башка көптөгөн ишканаларга ээлик кылганы белгилүү. Ал Интерпол акыруу эл аралык өздөөдө жүргөнүн дагы билебиз. Үч жыл мурда Белоруссияда колго түшүрүлгөн деген маалымат тараган. Бирок Кыргызстандын укук коргоо органдары тарабынан аны алып келүүгө кызыгуу болбогондуктан бошотулуп, Интерполдун сайтынан алынып салынганы айтылган", — деди Турдукулов.

Активист жогоруда атаган ишканаларга убагында Костырин ээлик кылганын Юстиция министрлигиндеги маалыматтар тастыктады. Тагыраагы, министрликтин базасында "Лента", Business & Bishkek жана Golden Media ишканаларына Сергей Костырин ээлик кылары көрсөтүлгөн.

Twitter тармагынын kgdaddy‏ аттуу колдонуучусу Интерполдун сайтынын Костыринге издөө жарыялаган баракчасынын көчүрмөсүн жарыялаган. 

​Бирок ал баракчаны кийин Интерполдун сайтынан издеп табууга мүмкүн болгон жок. Бирок КР ИИМинин маалымат кызматынан Сергей Костырин дагы деле эл аралык издөөдө экенин билдиришти.

"Айрым ЖМКлар Костыринди Белоруссия бийлиги кармап, кайра кое берип жибергенин жазып чыгышты. Бул туура эмес кабар, бизде Костыриндин ошол эле жакта жүргөндүгү жөнүндө маалыматтар бар. Сергей Костырин ушул кезге чейин эл аралык издөөдө", — деп айтылат ИИМдин билдирүүсүндө.

Мындан тышкары, каармандын аты-жөнүн КРдин Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын сайтындагы издөөдө жүргөн адамдардын арасынан да табууга болот. 

Жаңылыктар түрмөгү
0