Топчугүл Шайдуллаеванын айтымында, Кыргызстанда (дегеле дүйнө жүзүндө) көпчүлүк адамдар аялдарды "мындай кийинет, күйөөсүнө тигиндей сүйлөйт, баласын туура эмес тарбиялайт" деп сындаганга маш.
Эгер кыргызстандык кыз-келиндердин көйгөйлөрү тууралуу кеп кыла турган болсок, Топчугүл Шайдуллаева бул маселенин ийне-жибине чейин жакшы билет. Кыргызстандын аялдар кыймылында гана активдүүлүк көрсөтпөстөн, социология боюнча өз кандидаттык ишинде да аялдар темасын козгогон.
Кийинчерээк Топчугүл Шайдуллаева колхозчу апасына арнап "Кызыл өрүк" деген китебин жазган.
— Бала чагыңыздан баян салсаңыз. Жолуңуз кандай башталган?
— Баткен облусундагы Кара-Булак айылында төрөлгөм. Бул жерде айтылуу айгүл гүлдөйт. Апам колхозчу болгон, атам мектеп окуучуларына электротехниканы үйрөткөн. Журналисттик жолум капысынан, жетинчи класста окуп жүргөнүмдө башталды.
Биздин кыштак накта бир күйүткө тушукту — мончо иштебей калбаспы. Ал биз жууна турган жападан жалгыз жер эле: айылда эч кимдин үйүндө мончо жок болчу.
Көрсө, мындай макалаларда камтылгандарга райондук компартиянын бюросу дароо чара көрчү экен. Бир нерсени аңдадым: айтылган көйгөйлөр калемдин учу менен тезирээк чечилет тура. Ошондон тарта көп жаза баштадым. Бишкекке келип, журналисттик окууга тапшырганым да ошондон.
— Борбор шаарга көнүп кетүү жеңил болдубу? Же жаныңызда ата-энеңиз коштоп жүрбөсө…
— Бул жакка тууган эжебиз, анын иниси менен келгем. Бардык экзамендерди мыкты тапшырып, жатаканадан бөлмө алууга жетиштим. Жеке дүйнөм үчүн да, тыйын-тыпыр жагынан да кыйын эле болгон, бирок, кайгырууга убакыт табылчу эмес — күнү-түнү сабак окуур элем.
Бала кезимде муну капарга илчү эмесмин, себеби, бүт айылдык аялдар ушундай турмуш кечиришчү. Мында баарын башкача кылса болорун түшүндүм. Ошентип илимий кызматкер катары кыргызстандык айылдык аялдар тууралуу изилдей баштадым. Аспирантурага ташпырып жатканымда эле "Кыргыз айылдык үй-бүлө: структуралык-функционалдык анализ" деген темада илимий ишимди эбак даярдап койгом.
— Кыргызстандык айылдык кыз-келиндердин эң башкы көйгөйү катары эмнени атайт элеңиз?
— Совет бийлигинин тушунда – колхозчу аялдар көп төрөшчү. Биздин аң-сезимибизде балдар – үй-бүлөнүн башкы баалуулугу. Баары көп балалуу болгусу келет, бардык аракетибиз алар үчүн. Бирок, аялдар өз саламаттыгын эске албай, сактануу жолдорун билбей, улам төрөй беришкени кооптуу!
Совет маалында баары планга негизделген: түшүм жыйноо, заводдогу иш. Ал эми үй-бүлөнү пландаштыруу жөнүндө дегеле кулагыбыз чалбаган. Айыл-кыштактарда бойго бүтүрбөй, сактануу ыкмаларын аялдар билишчү да эмес.
— Көп аял алуу Кыргызстанда кылмыш катары каралат. Бирок, БУУнун калк фондусунун (ЮНФПА) маалыматы боюнча кыргызстандык аялдардын бир пайызы көп аялдуулукка баш ийген. Балким, Кылмыш кодексинен бул беренени алып салууга мезгил жеткендир?..
Адам бир убакта эки кишини бирдей күчтө сүйө албасын так билем. Бул өзүн өзү алдоо! Эркектер жөн гана өздөрүн актап жатышат, турмушта андай болбойт. Мындан улам аялдар да, балдар да азап чегет.
Андан тышкары, көп аялдуулук болгон жерде эрте баш кошуу да бар. Эркектер аялдыкка жапжаш, билим алууга да, иштөөгө да үлгүрбөгөн кыздарды алышат. Алар өмүр бою күйөөлөрүнөн көз каранды. Алардын тагдырына ким жооп берет? Эч ким.
— Жарандардын 90 пайызы кыздын намысы анын бактысынын ачкычы деп санашат. Бул пикирге кошуласызбы?
— Менимче, бул маанилүү. Кыздын ыйманы анын тагдырына сөзсүз таасир этет. Кантсе да, кылымдардан сакталып келаткан баалуулугубуз. Башка тараптан да кыздын абийири бактылуу никеге кепил болбойт. Бул ар бир адамдын жеке иши бойдон калсын.
— Дагы бир өтө кылдат жана оор маселе — бул эмгек миграциясы…
Болгондо да кыздар дал эне болор курагында өлкөдөн кетип жатышат. Мындай бакыт таткандын ордуна бөтөн бир жерде жашоо менен алышып жүрүшөт. Бул абдан чоң көйгөй.
Дагы бир жагдай: биздин татына, акылдуу, таланттуу кыздарыбыз чет өлкөлүктөргө турмушка чыгууда. Тигилер да өз кезегинде эң мыктыларды алып кетип жатышат. Биздин коом үчүн мындай айымдардын чет жерге кетиши жакшы көрүнүш эмес.
— Кыргызстанда аялдардын 38 жана эркектердин 45 пайызы алыста иштеген аялдар жаман жолго түшөт деп ойлошот. Мындай шек саноо эмне менен байланыштуу?
— Бизде баарынан аялдар сынга көп кабылышат. Үйлөрүнө канча акча жиберип жатканын унута аларды кеп кылганга кыйынбыз. Окумуштуу катары кыргызстандык аял туурасында бир тараптуу айта албайм, анткени, соңку кезде гендердик ролдор аябай алмашып калды. Кыргызстандык кыз-келиндердин арасында эле жиктелүү чоң. Алтургай, эмгек мигранттарынын арасында да. Он киши бир батирде жашаганы да бар, ийгиликтүү ишкер айымдары да жок эмес.
— Феминизм демилгесинин кеңири тарап баратышына кандай карайсыз?
Дал ошол тайманбас, жалтанбас айымдардын аркасы менен көптөн күткөн эркиндикке жеткенбиз. Бирок, бул эркиндик – абдан аяр жана кымбат. Ушундай баалуулуктан өз ыктыяры менен баш тарткан кыргызстандык кыздар пайда болгону мени түйшөлтөт. Түйшүктү артынуу жеңил, андан арылуу — татаал.