Чыгармачылык жолун 14 жашында баштап, ошондон бери куттуу филармонияда иштеп келе жаткан талант менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы маектешип, басып өткөн жолуна абай салды.
— Чалсак эле бошобой жаткан болосуз. Иш графигиңиз өтө жыш окшойт. Учурда эмне менен алектенип жатасыз?
— Канча балаңыз бар?
— Рустам деген бир эле уулум бар. Аны жалгыз бой чоңойтуп, өстүрүп, окуттум. Эми ошол баламдын баласын көрүп небере жытына мас болуп отурам.
— Жолдошум да ооруканада деп калдыңыз, жакшы элеби?
— Ооба жакшы эле, эркелеп жатат окшойт. Негизи аялдар ооруса эч нерсесин билгизбей жаркылдап чайын берип жүрө берет, эркегиң болсо эркелеп ооруйт экен да. Бул жолдошума кийин балам чоңоюп калганда турмушка чыктым. Аты Эмил, экөөбүздүн бирге түтүн булатып келе жатканыбызга 11 жыл болуп калды. Жан дүйнөсү таза, абдан жакшы адам. Башында баарын жалгыз жасап көнүп алган жаным кээде анын бар-жогун унутуп болгон жумушту өзүм жасай берчүмүн. Көрсө жаныңда жан шеригиң болгон жакшы экен да.
— Көптөн бери чоң экрандан көрбөй калдык. Көрсө небере, үй-бүлө менен алек болуп жүргөн турбайсызбы?
— Жок, ага деле эмес. Учурда филармонияда эле иштеп жатам. Болгону ырларым радио, ТВлардан чыкпай калды. Мурда биздин оркестрде ырдаган ырларды, радиого барып алтын фондго сөзсүз жаздырып турчубуз. Ошол убакта ырларыбыз радиолордон кетип, атыбыз чыгып, дүңгүрөгөнбүз. Азыр антип жаздырбай калдык. Радиолор деле өзүң чуркабасаң азыр ырларыңды бербей калышты. Ырларым кетпегени менен өзүм филармонияда оркестрде эле иштеп жатам. Ал жакка концерт болгондо баары дайыма барып турбайт, ошондуктан биздин иштеп жатканыбыз көрүнбөй жатса керек. Анын үстүнө азыр "мен ырчы" деген чачтан көп, ырдай алганыделе, албаганы деле чыгып чыйпылдап жүрүшөт. Азыркы радиолор да ошолордун ырынан "бошобой калды" го.
— Жакында эле артисттер ортосунда наам боюнча бир топ ызы-чуу болуп кетти. Наамга татыктуу болуш үчүн кандай эмгек жасоо керек?
— Сиз эмгек сиңирген артист деген наамды чыгармачылыкка келгенден кийин канча убакыттан кийин алдыңыз эле?
— Мен бул наамды 1994-жылы алгам. Анда чыгармачылыкка келип аралашканыма 13 жарым жыл болгон. Андан кийин 2008-жылы "Эл артист" наамына атым кетип, бирок мени "митингде ырдаган" деп ар кайсы шылтоону айтып жатышып "Даңк" медалын беришкен. Буга да шүгүр, бирок бизде наам жаатына келгенде түз иш болбойт. Ар түрдүү жол менен алгандарды көп эле көрдүк.
— Наам талашуу, туура эмес бөлүштүрүү көйгөйлөрү илгери эле бар турбайбы?
— Совет мезгилинде бир аз жакшыраак болчу. Бирок кийинчерээк абалыбыз начарлагандан начарлап баратат. Негизи чыгармачыл чөйрөдө интрига, ушак деген нерселер абдан көп болот. Наамга байланышкан чырлар мурдатан эле келе жатат, бирок мынчалык ачыкка чыкчу эмес да. Менден деле көп кишилер "ай сен дагы эле "Эл артисти" наамын ала элексинби?" деп таң калышат. Мейли деп коем. Башкысы талантыңды, эмгегиңди эл билсе болду. Ызылдаган менен пайда жок экен.
— Жетекчиликтен көп нерсе көз каранды экен да…
— Бир эле мисал. Филармонияда канча жылдан бери катылып жаткан килем бизге эми кызматка кирип, таманыбыздын алдына түштү. Кыргызбай жөнөкөй адам. Мен аны мактайын деген жокмун, мактагандай тууганым деле эмес, болгону жасаган ишин айтып жатам. Жакында эле айлык маяналарыбызды көтөрүп берди. Эң акыркылардын айлыгы 4000 сом болсо, алардыкы азыр 10 000 сомго жетти. Ошонун баары эмгек да. Аны мурункулардай жасабай, чөнтөгүн кампайтып, семирип алып кетип калса деле эмне кыла алмак элек. Ишенесиңерби, кызматтан кетип жатканда филармонияны жүктөп кеткен жетекчилер да болду. Азыркы жетекчинин дагы бир өзгөчөлүгү чыгармачыл коллективди өлкөнүн ар кайсы аймагына алып барып, эл менен жолуктуруп, элди аралатып, таланттарын тартуулатып жатат.
— Сиз чыгармачылык жолуңузду мектеп курагыңызда эле актриса болуп баштаган деп уктук эле?
— Мен кичине кезимде эле ырчы, актрисаны айырмалабай эле артист болом дей берчүмүн. Бирок атам "ийне сайганды билсең кор болбойсуң" деп медайымдын окуусуна тапшыртты. 8-классты бүткөндө шаарга алып барып экзаменге киргизип койду. Мугалим эки барак берген, баары бир нерселерди жазып жата,т мен эч нерсе жазбай отурдум да бир убакта эки баракка толтура "Мен Майрам Дүйшекеева, артист болом" деп бадырайта жазып туруп акырын башкалардыкына кошуп берип койдум. Ошентип экзаменден куладым. Атам дагы аракет кылып, бирок менин өжөрлүгүмөн медициналык окуу жайдан дагы кутулдум. Эс-дартымдын баары "кайда ырдаса болот" деп жүрүп, акыры кароо сынакка катышып Жумамүдүн Шералиевдин колуна түшүп калдым. Ал киши келип атаман уруксат сурап, атам да "бул жөн киши эмес" деп апамдын да оозун басып, мени чыгармачыл чөйрөгө узатышкан. Ошентип башында Нарын шаарында "Гүлдесте" деген маданият үйүндө театрга келип, чоң-чоң ролдорду аткарып жүрдүм. 1982-жылы Бишкекке Жумамүдүн Шералиевдин кечесине келип, филармония жетекчилигинин көзүнө түшүп калыптырмын. Ошентип алар мени "оркестрдин кызы экенсиң" деп алып калышты. Ойлосом актрисалык жагым деле күчтүү экен. Бирок эмнегедир ырдагым келди. Андан бери куттуу сахнада жүргөнүмө 35 жыл болуптур. Бул жерге жөн эле киши келип ырдай бербейт, канчалаган залкарлар иштеп кетти. 35 жыл канчалаган жетекчи алмашып, канчалаган турмушту көрдүк.
— Маданият анын ичинде ырчылык чөйрөдө мурунку менен азыркынын айырмасы эмнеде?
— Сиз тойлорго барып ырдайсызбы?
— Аябай суранып чакырып калса эле барбасам, көп деле барбайм. Өзүм конок катары тойго барып калганда сөзсүз ырдатышат, андай учурда "жок" дебейм. Кудай берген үнүм, келбетим барда эмнеге ырдабашым керек.
— Сыртыңыздан сүрдүү көрүнөсүз, негизи мүнөзүңүз кандай?
— Ооба, "сүрдүү көрүнөсүң" деп айткандар көп болду. Мен көп күлбөйм, балким ошондон улам айтышса керек. Бирок мени менен сүйлөшө келгендер "ай, сенин мүнөзүң таптакыр башкача турбайбы" деп айтып калышат. Өзүмө жаккан адам болсо ачылып-чачылып жакшы эле сүйлөйм. Бир убакта мени "темир аял" деп айтып калышты. Анан мен "темир аялыңар мендей болсо, жумшагы кандай болот" деп күлүп калчумун.