Антонина Шевченко жети жылдан бери киндик каны тамган кыргыз жергесине аяк баса элек эле. Sputnik Кыргызстандын өжөр кабарчылары Тайбокс жана жекеме-жеке таймаш боюнча көп жолку дүйнө чемпиону Бишкекке келгенине бир жума боло электе маек курууга көндүрүштү. Ал эми анын сиңдиси Валентина менен азырынча байланыша элекпиз.
"Антонина, сиз биздин Ваняны жеңе алат белеңиз?" деп редакциянын бою эки метрлик кызматкери тарапты көрсөтө сурадым. Күлүп "оңой эле!" деп жооп кайтарды.
— Балачагыңыздан кеп баштасак…
— Так деле эстей албайм, машыгуулар менен эле алек болчумун. Апабыз — өлкөнүн Тайбокс федерациясынын президенти Елена Шевченко мени жана сиңдим Валяны жети жашыбыздан тарта спортко аралаштырды. Ошол кездеги машыктыруучубуз Павел Федотов менен бүгүнкү күнгө дейре машыгып келем.
— Сүрөт тартам, же маселен, скрипкада ойнойм деп каршы чыга алмак белеңиз?
— Жок. Апабыз биз үчүн айныгыс абройлуу киши болчу. Мен мурунга жеп келсем: "эч нерсе эмес, Тонечка, эртең рингден кайра жообун бересиң" деп жооткотуп койчу. Эртеси эрдим жарылып келди… Ошентип жылдар өтө берди.
Азыр ата-энелер баланын кыйынчылыкты жеңе билүүсү үчүн кыйноого тийиш деп эсептейм. Балдарга тырыша эмгектенгендин ордуна көчөдө сейилдеген жагымдуу эмеспи. Бирок кийин ыраазычылыгын билдирет. Спортко таандык экендигимди 12ге толуп, медаль тагына баштаганда аңдадым.
— Өспүрүм курактагы аруу махабатчы?
— Андайга кабылган жокмун, бул туура көрүнүш деп эсептейм. Убагында апамда абдан жөндөмдүү кыздар машыгышчу, алар да дүйнө чемпиону боло алышмак. Бул багыттагы алардын ийгиликтерин дал ошол "махабат доору" талкалады: машыгууларды таштап, спорттон кетип калышты.
— Машыгуу маалында ыйлаган убактарыңыз көп болдубу?
— Албетте! Машыктыруучум Павел Федотов 35 килограмм салмактагы балдар арасында таэквондо боюнча Кыргызстан чемпиондугундагы жеңишимди азыркыга чейин эстейт. Болгону сегиз жаштамын. Көзүмдөн жаш акканына карабай мушташкам. Ыйлап жатам да, мелдешти уланта бердим.
— Жараат алган учурларчы?
— Олуттуу жараат алган эмесмин. Мурдум сынган, колум сынган. Бир жолкусунда эрдим жарылган. Көз тийбесин, катуу жараат алган жокмун.
— Кайсы таймаш эсиңизде сакталып калды?
Менимче, ал рингге чыга электе эле өзүн жеңүүчү катары санаса керек. Абдан татаал таймаш болгон. Акыркы айлампаларда бүт эркимди жыйнап гана мушташып жаттым. Соңунда менин колумду өйдө көтөрүшкөнү эсимде. Мен жеңипмин!
— Кайсы атаандашыңызды жеңүү эң кыйын болду?
— Ар кандай. Бир фин кызы менен мелдешкем. Техникалык ыкмалары абдан жөнөкөй экен: бир-эки түз урат, анан тула бойго тебет. Бою узун эле. Техникалык ыкмаларды пайдаланасың, алдай, амалдарды колдонуп, беттештин аягында алың кетет. Кээде абдан айлакер атаандаштар туш болот. Андайда дээрлик шахмат сымал аң-сезим таймашы жүрөт.
— Кызыктуу учурларга кабылдыңыз беле?
— 2016-жылы Таиландда мелдештик реалити-шоу өтүп жаткан. Самуй аралына ар өлкөдөн спортчу кыздар келишкен. Бизди эки кишилик бөлмөлөргө жайгаштырышкан. Мен албетте, атаандашым менен бирге жашагым келген жок, кийин кантип беттешмек элек?!
Бирок арга жок. Франциядан афроамерикалык Летисия менен бир бөлмөгө жайгаштык. Адегенде андан обочолонууну чечтим, анткени, атаандашым менен достошкум келбеди.
Бирок жагымдуу кыз экен, тил табышып кеттик. Экөөбүздүн салмак категориябыз — 65 килограмм. Буга туура келиш үчүн Летисия 10 килограмм таштоого тийиш! "Тоня, менин күчүм калбай калды" деп ыйлайт.
Рингде экөөбүз финалда беттештик. Таймаш күнү экөөбүз ойгондук да, ошол кечте экөөбүздүн бирибиз гана жеңүүчү болорубузду аңдадык. Реалити-шоу Европада түз алып көрсөтүлмөк, аны абдан көп адам көрмөк, уят болгум келген жок…
Мен уттум. Ал аябай өксүп ыйлады, бирок кийин баары бир мени куттуктады. Дос бойдон калдык.
— Рингден тышкары да мушташкан күндөр болдубу?
— Менде болгон эмес. Валя түнкү Сочини жалгыз кыдырып жүрүп, мындайга кабылыптыр. Ага бир киши тийишет. Анын кебетесинен мушкер экени байкалбайт. Кадимки эле бийкеч. Валя аны жыга тээптир да, өзү качып кетиптир.
— Бир таймашта канчалык көп акча табасыздар?
— Келишимдин шарттарын ачык жарыялоого акым жок. Азыр кирешем өзүмдү өнүктүрүп, келечек курууга жетишерлик. Бирок эгер сизди спортто акча гана арбаса, анда башка жол тандооңуз абзел.
Чыйырын жаңыдан салып жаткан спортчулар көп эмгектенүүгө тийиш, дурус акы төлөнчү деңгээлге жетери да белгисиз. Эң мыкты шарттар UFC спортчуларында — ал жакта мыкты гана мушкерлер бар, гонорарлары да ошого жараша.
Сиңдим Валентинаны ал жакка 17 дүйнөлүк титул алганда гана чакырышты. Машыктыруучум менен мен дагы ал жакка кирип, абдан бийик деңгээлде мелдешүүнү пландоодобуз.
— Валентина менен араңыздарда кандайдыр атаандаштык жокпу?
— Жок, эч качан болгон эмес. Биринчиден, айырмабыз бир топ, салмак категориябыз да ар башка: ал 57 килограмм, ал эми мен — 61. Экинчиден, экөөбүздүн ансыз да атаандаштарыбыз арбын.
Башкысы Валя — менин жападан жалгыз сиңдим. Мен ал үчүн, ал мен үчүн баарына даярбыз.
— Жигиттер таанышканы көп келишеби?
— Жок, мен турмушка чыккам да. Жолдошум тууралуу эч нерсе айтпайм, сурап убара да болбогула! Ал эми Валентинанын күйөрмандары көп, ага дайым жазып турушат, арзууларын арнашат, колун сурашат. Бирок ал баарын оолак кармайт. Өзүнүн максаты бар, Валя азыр жигит күтпөйт.
— Бул жолду тандаганыңызга өкүнбөйсүзбү? Башка миңдеген бишкектик кыздардай эле үй-бүлө күтүп, өзүңүздү толугу менен күйөө жана балдарга арнай алмаксыз да…
— Күйөө менен балдар аял үчүн бакыт экендиги айныгыс. Бирок адамдар ар кандай да. Менин тагдырым ушул, бактылуумун, менин жашоом — жекеме-жеке мелдеш. Эгер көңүлүңүзгө жагып баш тарта албаган бир ишиңиз болсо, эч убакта андан алыстабаңыз. Кайсы бир күнү ал иш сизди кесипкөйлүккө жеткирет.
— Күнүңүз кандай өтөт?
Негизи эле мен саякаттоону жактырам. Деңизди жакшы көрөм. Сочиде Кара деңиздин, Перуда – Тынч океандын, Амазонканын жээгинде жашадык. АКШдагы үйүм Мексика булуңунун жанында эле. Баса, азыр мен акыркы он жылдан бери биринчи ирет кар көрүп жатам.
— Бишкекке келгениңизге бир жумадай болуп калды. Көчөдөн таанып жатышабы?
— Ооба. Мелдештен кийин жүзүмдөгү көк да тарай элек. Негизинен жигиттер келип: "Антонина, биз сиздерге күйөрманбыз. Валентинага айта барыңыз, UFC курун утуп чыксын" деп дубай саламдарын жолдошууда.
— Кайсы жерлерди кыдырууга үлгүрдүңүз?
— Баарын кыдыргым келип жатат! Баарын сагындым, атургай, Ош базарындагы түртүшмөй да жакын сезилет. Өзүбүздүн, Фучик паркындагы азыр кароосуз калган стадионго барып келдим, ал жакта бала чагыбызда машыкчубуз. Аянтта сейилдедик, аябай кооздошуптур!
Жети жылда калаа абдан кулпуруптур: бийик имараттар курулуп, кооз дүкөндөр ачылып, жолдор да жакшырыптыр. Өзгөчө Ысык-Көлгө аябай баргым келип жатат. Бул дүйнөдөгү эң сонун жер!
— Таймаш убагында миңдеген чакырым алыстыкта алты миллион калк сиздерге күйүп-бышып жатканын сезесиздерби?
— Ооба! Валя экөөбүз аябай көп кат алабыз! Эл бизге колдоп-кубаттаган сөздөрүн тасмага тартып да жолдошот. Канада, Москва, Түштүк Кореядан кыргызстандыктар жазат. Валяга "Азия MIX" тобу да видео салышкан, биз – спортчулар үчүн бул аябагандай жагымдуу нерсе!