39 жаштагы Айжан Омолдошева "Ала-Тоо 24" телеканалынын кабарчысы. 15 жылдык иш тажрыйбасындагы элге жеткирген кабарлары, жасаган материалдарынын курчтугу, образы, кадр сыртындагы кубаттуу үнү журт ичине Омолдошева деп таанытты.
Журналист Айжан Омолдошева менен Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысы Гүлдана Талантбекова маектешти.
— Журналистика тармагында окуган жаштардын көбүндө коомчулукка таанылуу үчүн сөзсүз эле көгүлтүр экранга чыгуу керек деген түшүнүк бар. Бирок материалдары менен жарандардын оюн өзгөртө алган кабарчылар деле эл оозуна алынып келет. Алардын бири сиз болсоңуз керек?
— Ар бир журналисттин көздөгөн максаты болот. Айрымдарда сиз белгилеп өткөн ойлор бар. Мен алгач журналистика майданына келгенде алып баруучулуктан баштадым. Аны менен катар кабарчы да болдум. Бирок алып баруучулук менен командировкага, чет мамлекетке чыга албай, башкалардын даяр текстин окуп, өзүмдү сандыктын ичине түшүп чектелип калгандай сездим. Карьера жасаш үчүн журналист болууга туура келди.
— Анан алып баруучулуктан кабарчылыкка өткөнүңүздө өкүнгөн учурлар болдубу?
— Эч качан! Журналист болбосом өзүмдү кайсы кесиптен тапмакмын деген суроого да жооп бере албайм. Бул кесипти аркалайм деп жогорку окуу жайдан эки диплом алдым. Азыр да журналистика боюнча илимий даражалардын үстүнөн иштеп келем.
— Сиз дарак бир жерден көгөрөт дегендердин катарында окшойсуз. Дегеним, биз билгенден илгертеден бери коомдук биринчи каналда иштеп келесиз?
— 15 жыл мурда коомдук биринчи каналдын босогосун аттагам. КТРК мен үчүн экинчи үйүм болуп калды. Ушул кезге чейин башка жакка иштейм деген ой болгон эмес. Болбойт дагы деп ойлойм.
— Башка жакка жумушка чакыруулар болду беле?
— Болуп эле келе жатат. Өзүм Нарындан болом, Нарын телекомпаниясына келип иштеп бербейсиңби деген сунуштар түшкөн. Башка да телеканалдарга, гезиттерге чакырышкан. Алар көбүнчө кошумча жумуш катары иштөөнү суранышат. Бирок телеканалдын жумушу менен журналистиканын башка багытын айкалыштыруу мүмкүн эмес. Ишке эрте келишиң мүмкүн, бирок эрте кете албайсың. "Ала-Тоо" күнү-түнү иштегенден бери жумушубуз ого бетер күчөдү. Бирок эч убакта үйгө кеч бардым деген нааразычылыктар болбойт. Себеби сүйгөн жумушуңду берилүү менен аткарат экенсиң.
— Мен билгенден даярдаган сюжеттериңиз курч, анан үнүңүз да абдан кубаттуу. Өзүңүзгө билинеби?
— Көп учурда өзгөчө кырдаалдарга байланыштуу материалдарга туш келип калам. Маселен өрт чыгып жаткан жерде окуяны жай түшүндүрүү мүмкүн эмес.
— Ошондой кооптуу жерлерде өмүрүңүздү тобокелге салган учурлар болду беле?
— Жеке өзүңүздү коркуткан учурлар болду беле?
— Сын материалдарды жазган учурда "эмне эле бизге асылып калдың, бала-чакаң кандай жүрөт" деп телефон аркылуу коркуткандар болгон.
— Так бир учурду эстей аласызбы?
— Анда мен КТРКга келе элек учур болчу. Нарында радиодо жана маалымат сайттардын биринде иштечүмүн. Ошондой күндөрдүн биринде сын материал жаза коюп "жаңыдан күүлөнүп келе жаткан канаттарың кыркылып калбасын, эсиңе салып коеюн ушуну" деген сыяктуу коркутууга дуушар болгом.
— Кайсы бир сын материалды жасоону пландап, бирок үй-бүлөңүздүн коопсуздугу үчүн баш тартып койгон учур болдубу?
— Албетте үй-бүлө бардыгынан маанилүү. Бирок материалды берүүдө жакындарыңды ойлогонго убакыт болбой калат. Кандай жол менен болсо да чындыкты сууруп чыкканга аракет кыласың.
— Кесиптештердин ичинен сиз мыкты деп эсептегендер барбы?
— Мыктылар өтө көп. Убагында журналисттик карьерамдын түптөлүшүнө таасир берген — Эрнис Кыязов болду. Анын сөзүнүн курчтугуна, ой-толгоосуна, жазганына абдан баа берем. Жарым сааттык берүүсү болсо да экрандан көзүмдү албай көрчүмүн.
— Жумуштан чарчаган, чаалыккан учурларыңыз болобу?
— Журналисттик карьераңызда жасаган кайсы бир материалыңызды өзгөчө бөлүп, сыймыктануу менен айта аласызбы?
— Ар бир эмгегибизди үй салгандай эле жаратабыз. Мен бир тема жасасам, аны башка журналист такыр эле башка өңүттө чагылдырат. "Бир ырым менен эмгек сиңирген артист болдум эле" деп мактангыдай биз ырчы эмеспиз. Ар бир материалымдын чыгышын чыдамсыздык менен күтөм.
— Баса, интернеттеги сүрөттөрүңүздөн жүзүңүздөгү өзгөрүүнү байкап калдым. Көзүңүзгө сурма жасаттыңыз беле?
— Көптөр ошентип ойлойт экен. Чынында оң көзүмө киста чыгып операция жасаткам. Анан эки жагы окшош болсун деп сол жагына да жасатууга туура келген.
— Кесиптештериңиз сизди баатыр эне дешет экен. Мүмкүн болсо жеке жашооңүз тууралуу дагы айтып берсеңиз?
— Үч кыз, бир уулум бар. Улуусу 1-курста окуйт, кичүүсү 9 айлык, ортончуларынын бири 1-класста болсо, экинчиси 3 жашта. Биздин коллективде көп балалуу айымдардын катарын толуктайм.
— Бир эле учурда жеке жашоону дагы, үй-бүлөнү дагы алып кетүүгө кантип жетишип жатасыз?
— Сизди тарбиялап өстүргөн ата-энеңиз тууралуу дагы айта кетсеңиз?
— Атам Жумак айыл чарба адиси, апам Шамзада пенсияга чыкканча бухгалтер, салык инспектору болуп иштеди. Беш баланы тарбиялап, астыбызды чет мамлекеттен окутканга жетишти. Үй-бүлөбүз менен чыгармачылыкка жакынбыз. Мектепте окуп жүргөндө комузда кол ойнотуп республикалык денгээлдеги конкурстарда дастан айтуучулук боюнча алдыңкы орундарга илинип жүргөм. Азыр иним менен келиним ырдайт.