Мамкаттоо: унааны өз атына каттатуунун баасы ишеним каттан арзан болот

© REUTERS / Toru Hanai Экспорт автомобилей в Йокогаме, Япония
Экспорт автомобилей в Йокогаме, Япония - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда унаага ишеним кат алуу орто эсеп менен 700 сомдон 1500 сомго чейин болсо, каттоого 3 миң сомдой акча кетет

БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Мамлекеттик каттоо кызматы автоунааларды эч качан жаңы ээсине мажбурлап каттатпайт. Бул тууралуу ведомствонун Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин директорунун орун басары Усейин Касмалиев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Акыркы учурларда социалдык тармак колдонуучуларынын арасында "жакынкы арада ишеним кат жоюлуп, ар бир унааны кайра каттоо милдеттендирилет" деген көптер тараган.

"Бул туура эмес маалымат. Унаасын өзүнө каттатып алабы, ишеним кат менен айдайбы — ар кимдин өз эрки", — деди Касмалиев.

Анын айтымында, 2018-жылы унааны каттатуу боюнча бир нече айга созулган "жеңилдик мөөнөтү" берилет.

Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин директорунун орун басары Усейин Касмалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Радио
Касмалиев: унааны кайра каттатуу бир нече эсе арзандашы мүмкүн
Өкмөт бизге унааны каттоонун баасын ишеним каттыкы менен теңөө, колдон келсе андан дагы арзандатуу тапшармасын берген. Ал боюнча токтом долбоорун иштеп чыгып, кайра өкмөткө жөнөттүк. Учурда кароодо турат. Кабыл алынып калса, ушул жылдын бир нече айы "жеңилдик мөөнөтү" деп белгиленип, айдоочулар унааларын арзан баада өз атына каттата алышат", — деди Мамкаттоо кызматынын өкүлү.

Маалыматка караганда, учурда унаага ишеним кат алуу орто эсеп менен 700 сомдон 1500 сомго чейин. Кайра каттоого 3000 сомдун тегереги. Үч миң сомдун ичине тарифтик торчонун негизинде жол фондусуна бир пайыздык төлөм кетет, бул орто эсеп менен 1-1,5 миң сомду түзөт. 800 сомдун тегерегинде каттоо күбөлүгү, дагы 800 сомдун тегерегинде мамлекеттик номер алынат.

Жаңылыктар түрмөгү
0