Аталган марафон жаңы жыл алдында өтүп Адилеттин жеңиши Кыргызстанга майрамдык белек болду. Жөө күлүктөрдүн жарышына жалпы 14 300 профессионалдуу жана спорт ышкыбоздору катышкан. Анда 2, 7, 21 жана 42 чакырымга төрт дистанция менен чуркашкан. Кыргызстандык спортчу 42 чакырым аралыкка чуркап 1469 спортчунун ичинен озуп чыкты.
ШКУ марафонунун баш байгесин уткан Адилет Кыштакбеков менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Эламан Карымшаков маектешти.
— Жеңишиңиз менен куттуктайбыз! Алгач ошол марафон тууралуу айтып берсеңиз.
— Кыргызстандан жалгыз өзүңүз бардыңызбы?
— Жеңил атлетика федерациясы дагы бир жөө күлүк Жоомарт Көчкөнбаев экөөбүздү жиберген. Бирок ал катыша албай калды. Бул жактан текшерилгенде саламаттыгы жакшы чыкканы менен Кытайга барганда кан басымы төмөн экен деп катыштырбай коюшту. Анткени кардиограммага түшүү үчүн ачка жүрүш керек болду. Жумуштар белгиленген убактан кечигип жасалгандыктан 20 саат ачка жүрүп калдык. Жоомарт ошонун кесепетинен ден соолугу начарлап чыга албай калды.
— Миңден ашуун жөө күлүктүн арасынан алдыга оозуп чыгуу да жеңил эмес. Жөнөкөй эле суроо берейин, кантип биринчи болуп калдыңыз?
— Айланамды карасам баары кыйын көрүнөт. Күчтүү делген кара тору кениялыктар да жүрөт. Ичимден жок дегенде үчүнчү орунга жетсем экен деп жаттым. Бирок 23-чакырымга келгенде экинчи сапка чыга алдым. Ал эми 30-чакырымда кытайлык жөө күлүк экөөбүз алдыда бараткан кениялыктан ашып кеттик. Анан ары жакта 12 чакырым эле калды, булардан менин эмнем кем экен деп катуулай баштадым. Бир маалда карасам бүт камералар мени тартып жатыптыр, ансайын демденип алып кете бердим. Ошол учурда машыктыруучумду эстедим, өлкө атынан барганымды ойлодум. Баарына жаңы жылга белек кылайын деп кайра чыйралдым. 35-чакырымга келгенде Жоомарт күтүп туруптур. Ал "Адилет байке, баары чарчап калды, сиз биринчи болуп жетесиз" деп кыйкырып, четтен чуркап дагы дем берип койду. Ошентип 38-чакырымда баарынан алдыга озуп кеттим. Марага жеткенде өзүмдү аябай башкача сездим. Буга чейин мындай сезим болгон эмес эле. Консулдукта иштеген байкелер кошулуп баары келип кучактаганда кубанычым койнума батпай чарчаганымды да унутуп койдум.
— Көздөн жаш чыктыбы?
— …Ооба, катуу сүйүнгөндүктөн жашып кеттим…
— Баш байгеге эмне берилди?
— Байгеге 20 миң юань (212 миң сом — ред.) ыйгарылган. Ал каражат азырынча колубузга тие элек, кийинчерээк которобуз дешкен.
— Спорт менен канчадан бери машыгасыз?
— Машыгуулар кандай өтөт?
— Ысык-Көлдүн Кажы-Сай айылы жана Каракол шаарында машыгабыз. Бир күн чуркабай калсам маанайым ачылбай, тамак иче албай кыйнала берем. Күнүгө эртең менен, түштө, кечинде үч жолу чуркайбыз. Жалпы жонунан 30дан 50 чакырымга чейин басып өтөбүз. Мисалы, эртең мененки тамакка чейин көнүгүү катары 10 чакырым, кечинде бутка массаж болсун деп 10 чакырым чуркап коёбуз. Негизги машыгуу түштө болот.
— Мышыгууңар чуркоо менен гана чектелеби?
— Башкалар кандай билбейм, биз машыгууда чуркайбыз, андан соң уктайбыз. Андан башка жумушубуз жок. Ай сайын мамлекеттен стипендия берилет.
— Сиздерде тамак ылгап жеп, атайын режимге отуруу деген шарттар барбы?
— Жок. Бизге күч керек да, качан болбосун тамакты ылгабай жей беребиз. Машыктыруучубуз да каалашыңарча жегиле дейт. Биздики бат эле сиңип кетет. Мисалы кечинде көп тамак жеп алсак эртеси көбүрөөк чуркап сиңирип жок кылып жиберебиз.
— Алдыга койгон пландарыңыз?
— Эң башкы планым 2020-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомо алуу жана ийгиликке жетишүү. Азыртадан ага даярдык көрүп баштадым. Мындан сырткары, Кыргызстандын тарыхында 42 чакырымды 2 саат 13 мүнөттө басып өткөн Сатымкул Жуманазаровдун көрсөткүчүнө жетүүгө аракет кылам. Кыргызстандын рекордун жаңыртсам деген ойлорум бар.
— Үй-бүлөңүздө да спортко жакын адамдар барбы?
— Мен Таластын Манас айылында туулгам. Бир туугандардын улуусумун, эки иним, бир карындашым бар. Алар башка тармакта окуп, иштешет. Атам мурда жеңил атлетика менен алектенген. Мен атамдын жолун жолдоп, ал жетишпей калган ийгиликтерди багындырууга максат койгом. Марафондон жеңгенде сүйүнчүлөйүн десем Кытайда биздин социалдык тармактар иштебейт экен. Бир ыктыярчынын телефонун сурап ата-энеме чалып жеңгенимди айтсам абдан кубанышты. Катуу сүйүнүшкөнүнөн сүйлөй албай ыйлап жиберишти.
— Жашыңыз 25ке келиптир, үй-бүлө курууну качанкыга пландап жатасыз?
— Бир максат койгондон кийин аягына жетиш керек да. Токио Олимпиадасына жолдомо алып катышып келгенден кийин үйлөнөм го…