БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Ош жана Бишкек шаарларында майрамдык кечелерди эл оозуна алынган ырчылар менен өткөрөм десеңиз чөнтөгүңүздө 200дөн 600 долларга чейин акчаңыз болушу керек. Эгер башка аймактарга чакырсаңыз жол акы жана жатакана чыгымдарынан сырткары борбор калаадагыдан эки-үч эсе көп гонорар төлөп бересиз.
Төмөндө илебине нан бышып турган өнөрпоздордун тизмеси жана көрсөткөн кызматы үчүн ала турган акчасы көрсөтүлдү.

1. Мирбек Атабековду Бишкекте бийчилердин коштоосунда 600-800 долларга чакырууга болот. Жаңы жылга чейин башка региондорго жана чет өлкөгө чыкпайт;

2. Жийдеш Идирисова — Бишкекте шоу балеттин коштоосунда (4 кыздан турган бийчилер) 500 доллар. Жаңы жылга чейин башка региондорго жана чет өлкөгө чыкпайт;

3. Гүлжигит Сатыбеков — Ош шаарында 500 доллар, башка региондорго деле ушундай баа. Ал эми чет өлкөлөргө орточо баасы 1000 долларды түзөт;
4. Нурлан Насип — Бишкекте 400, региондордо — 1000 жана чет өлкөдө — 2000 доллар;

5. Самара Каримова — Ош шаарында "Самара" театрынын коштоосунда (бийчи, Умай эне) 400, жалгыз өзү ырдаса 300 доллар. Региондордо — 1000, чет өлкөдө — 3000 долларга ырдап жүрөт. Жаңы жылга чейин аймактарга жана чет жактарга барбайт;

6. Анжелика — Бишкекте 300, региондорго 1200-1500 доллар;

7. Нурмат Садыров — Бишкекте 300, региондордо 1000-1200 жана чет өлкөлөрдө 1500 доллар;

8. Съездбек Искеналиев — Бишкекте 150-300 доллар, региондорго 1000, чет өлкөгө 1500-2000 доллар;

9. Айыма — Бишкекте 200-300, региондордо 500 доллар. Чет өлкөгө көбүнчө келишим баа менен барат. Орто эсеп менен 500 доллардан жогору.

10. Гүлзат Байзакова — бекерден 200 долларга чейин. Региондорго 700-1000, чет өлкөгө келишим баада.



Ал эми ырчылар Омар, Гүлжигит Калыков жана Кайрат Примбердиевдер кызмат акысынын так баасын айтуудан баш тартып, келишим наркта болот деп жооп узатышты.
P.S: Жогоруда көрсөтүлгөн баалар ырчынын өзү жана менеджерлери тарабынан тастыкталган. Ошондой эле бул сумма айрым учурларда шартка жараша өзгөрүп калышы да мүмкүн.