Кырсыктан кудай сактап аман калып, бирок шал болуп калган Азаттын баяны

Жазылуу
28 жаштагы Азат Ахмедов жол кырсыгынан кудай чоң сактап аман калган, бирок башынан алган жарааты аны төшөккө байлады – жигит кыймылдай да, сүйлөй да албайт. Аны мурунку соо калыбына келтирүү үчүн атасы менен иниси алышып келет. Бирок алар дарыгерлердин жардамына муктаж, ал эми каражаттын жоктугу кендир кесет.

Тикмечи жумуш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мугалим, алып баруучу, тикмечи. Майыптыкка моюн сунбаган КР жарандары
Узап бараткан жылдын 12-январында Россиянын Тюмень — Тобольск кан жолунда жүргүнчүлөрдү ташып бараткан такси менен жүк ташуучу унаа кагышып, эки киши мерт кетип, үч адам жаракат алган. Алардын арасында кыргызстандык Азат Ахмедов да бар эле. Болгону бир нече сааттан кийин жигит өз үй-бүлөсү менен сагынычын таратмак, бирок ал каргашалуу окуя жолугушуу саатын дагы сегиз айга жылдырган.

Жигит мээ сөөгүнөн ачык жараат алып, мээсине операция жасалган. Атасы Равшанбек Ахмедовдун айтымында, доктурлардын аны сактап калышы бир керемет болду. Узак убакыт бою комада жатып, эсине келгенинде кыймылдабай, сүйлөбөй да калган. Санкт-Петербургда жарым жыл калыбына келтирүү чарасы көрүлүп, кийин үйүнө кайтты.

"Үйдө тез чыйралат, бат сакаят деп ойлодук эле, бирок… Баары жаман дебейм, бир аз жылыш бар, бирок дагы калыбына келтирүү курсунан өтүү зарыл. Дарыгерлер канчалык эрте болсо ошончо жакшы, антпесе, убакыт өткөн сайын калыбына келүүсү жайлап же таптакыр токтоп калышы ыктымал экендигин айтышкан", — деди Ахмедов.

Буту жок бала футбол ойноп интернетти жарды. Таланттуу Азистин тарыхы - Sputnik Кыргызстан
Буту жок бала футбол ойноп интернетти жарды. Таланттуу Азистин тарыхы
Коомчулукка кайрылып, жардам суроого батынышы ал үчүн абдан оор болду — өзү аскер, отставкадагы полковник, өз күчүнө гана таянууга көнгөн. Азаттан кийинки уулу менен атайын машыгуучу жабдык жасашкан, күндө машыктырышат. Азаттын булчуңдарынын жаны жок калбашы үчүн (атрофия) үчүн күн сайын укалашат.

"Булчуңдардын тартылышына (кысылышына) жол бербөө керек, басып кетишине атайын калыбына келтирүүчү машыктыруучу жабдыктар: роботтор, экзоскелет, локоматтар зарыл. Тилекке каршы, республикабызда мындай бейтаптарга көмөктөшүү боюнча калыпка салуучу борборлор жок. Досторубуз аркылуу Израилде бизге зарыл процедура бар экенин сурап билдик. Жол кире, жашаганы жана коштоп жүрүү үчүн жалпы 90 миң доллардын тегерегинде каражат талап кылынат, а биздин андай акчабыз жок", — деп үшкүрүнөт Азаттын атасы.

Ахмедов уулу бутуна туруп, мурдагыдай күчтүү жана куландан соо кайтарынан үмүттөнөт. Үй-бүлөсү Азатка чоң ишенич артарын кошумчалайт, анткени, ал аскердик институтту аяктаган, атайын күчтөр катарында кызмат өтөгөн, юриспруденцияда мыкты, үч чет тил билет. Азаттын төрт жашар уулу да бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0