Премьер-министр Жууку капчыгайындагы карагайдын кыйылышын иликтөөнү тапшырды

© Фото / Влад УшаковФакты незаконной вырубки лесов на южном берегу Иссык-Куля
Факты незаконной вырубки лесов на южном берегу Иссык-Куля - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Социалдык тармактарга Жууку капчыгайында Тянь-Шань карагайлары кыйылганы боюнча маалымат чыгып, сүрөттөрү да тараган.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Премьер-министр Сапар Исаков Ысык-Көлдүн Жууку капчыгайындагы кыйылган  карагайлар боюнча текшерүү жүргүзүүнү тиешелүү ведомстволорго тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, премьер Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияга, Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекетик агенттигине, өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө тапшырма берген.

Белгилей кетсек, социалдык тармактарга Жууку капчыгайында Тянь-Шань карагайлары кыйылганы боюнча маалымат чыгып, сүрөттөрү да тараган.

"Өкмөт башчы Ысык-Көл облусунун Жууку капчыгайындагы токой кыюуну токтотуп,  ага мындан ары тыюу салууну жана мыйзам бузуучуларга карата катаал чараларды көрүүнү тапшырды", — деп айтылат маалыматта.

Андан сырткары укук коргоо органдары карагайды мыйзамсыз кыюуга тийиштиги барларды аныктап, жоопкерчиликке тартуу милдети жүктөлдү.

Ысык-Көл облусундагы Жууку капчыгайы биосфералык аймак макамына ээ, анын жаратылышы өзгөчө коргоодо турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0