БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Жекшемби күнү өлкө аймагында мезгил-мезгили менен кар жаай турганын Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматка ылайык, Чүй, Талас, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында туман түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.
Чүй менен Таласта 5 градуска чейин суук болот. Ош, Баткен жана Жалал-Абадда күн 4 градуска чейин жылуу болору айтылды. Ысык-Көл менен Нарында күндүн табы 2 градуска чейин көтөрүлөт.
Бишкекте 4 градус суук болсо, Ош шаарында 3 градуска чейин жылуу болот.