Борбиев Бек Сманович — өмүр баяны

© Sputnik / Жоомарт УраимовЗаслуженный артист КР Бек Борбиев
Заслуженный артист КР Бек Борбиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бек Борбиев 1969-жылы 24-сентябрда Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунда туулуп, Торкен айылында чоңойгон.

Билими:

1991-жылы — политехникалык институттун инженер жол куруучу бөлүмүн аяктаган;

1999-жылы — искусство жана маданият институтунун уюштуруучу-менеджер факультетин аяктаган;

2001-жылы — Кыргыз мамлекеттик транспорт, курулуш жана архитектура университетинен бажы кызматкери адистиги боюнча билим алган;

Иш тажрыйбасы:

2002-2010 — бажы кызматкери;

2010-2012 — Интеллектуалдук менчик боюнча мамлекеттик кызматтын жетекчи орун басары.

Чыгармачылыгы:

Ырчы 1990-жылдары "Тазасы барбы?", "Делбирим", "Замандаш", "Шерине" жана башка ырлары менен эл оозуна алынган. Учурда ырларынын саны 500гө чамалайт.

2011-жылы өзү продюсерлик кылган "Мен сүйгөн карагат" тасмасына тартылган.

Сыйлыктары:

КРдин Эмгек сиңирген артисти;

Республикалык Рыспай Абдыкадыров атындагы сыйлыктын ээси.

Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.

Жаңылыктар түрмөгү
0