00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:00
4 мин
Жаңылыктар
13:00
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:00
4 мин
15:52
7 мин
Ежедневные новости
16:00
4 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Что происходит с правами на имущество после развода и смерти бывшего партнёра - объясняет юрист
14:05
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Особый акцент
Что происходит с правами на имущество после развода и смерти бывшего партнёра - объясняет юрист
15:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Как женское движение Кыргызстана прошло путь от выживания в 90-х до участия в развитии страны
16:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
“Тандем” продакшны театр менен музыканы айкалыштырат
17:05
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Не выбрасывайте клеща после укуса - и другие советы врача, которые реально важны этим летом
18:07
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Алтын эмнеге арзандоодо?
19:06
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Особый акцент
Что происходит с правами на имущество после развода и смерти бывшего партнёра - объясняет юрист
20:06
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Особый акцент
Что происходит с правами на имущество после развода и смерти бывшего партнёра - объясняет юрист
21:05
49 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Эркектер, майдаланбагылачы...

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын желегин көтөргөн балдар. Архив
Кыргызстандын желегин көтөргөн балдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кутман таң! Күнүбүз жагымдуу улансын!

Эркектин эркектей болгону жакшы, бирок азыр айрым мырзалар аялдардан кем калбай ушакты узун чоюп, ар кимдин жашоосун талкууга алганды адатка айдандырып алгандай. Уу-дуу кеп укса, эптеп эле кумурскадан пил жасап эле жатып калчу болду. Айтор айрымдары өтө эле майдаланып баратат.

Сөздөн ишке өтөлү. Ар кимдин ишин сындап отурбай, ар ким өз ишин кылган жакшы. Мындай мырзалардын катарына мекендешибиз Кубанычбек Алибековду кошсок болот. Ал Москва шаарында өз күчү менен медициналык борбор ачып, аны ийгиликтүү иштетип келет.

Намыскөй жигиттер. Кыргыздын намысын коргоп, өлкө атын дүйнөгө тааныткандар бар. Алардын бири балбан Канат Бегалиев. Ырас, бир тармакта отура бербей, өзүн саясат айдыңында сынап көрүүнү чечиптир.

Дардаңдап мансапка көпкөндөр да бар. Бишкектин көчөлөрүнүн биринен "ала көөдөн Дардаңбай" каршы тилкеге чыгып, айдап келе жатканда аны экс-президент Роза Отунбаеванын баласы Атай Садыбакасов видеого тартып алган. Милиция кармады деп маалымат таратты эле, көрсө кармаган бала ал эмес экен.

Жаңы шайланган президентти деле жулмалабай колдоо көрсөтө билгенди үйрөнөлү. Кечээ өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Москвага расмий иш сапары менен барып, РФ президенти Владимир Путин, премьер-министри Дмитрий Медведев жана КВН лигасынын президенти Александр Масляков менен жолугушту.

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевРабочий визит президента КР Сооронбая Жээнбекова в Российскую Федерацию
Рабочий визит президента КР Сооронбая Жээнбекова в Российскую Федерацию - Sputnik Кыргызстан
Рабочий визит президента КР Сооронбая Жээнбекова в Российскую Федерацию

Ал эми Кыргызстандын өкмөт башчысы Сапар Исаков депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, техникалык кароону кайра киргизүү зарыл экендигин жана унааны ишеним кагазы менен айдоого качан тыюу салынарын айтты.

Эки-үч күндөн бери соцтармакта күндүн темасына айланган көп аялдуулук, экинчи аял, токол маселеси айрымдарга майдай эле жагып жатат. Токол алганы үчүн жазасын өтөп бүткөн эркек кайда барат деген суроо менен кабарчылар юристтердин оюн угуп көрдү. Юрист эмне деп жооп бергенин бул жактан окуңуздар.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.65(сатып алуу) жана 69.81 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгүсү 44.50 сом, АИ-92 үлгүсүндөгүсү 41.60 сом, ал эми дизель майы 38.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Эр жигит эл четинде, жоо бетинде!

Аманчылык каалап, Таалайгүл Усенбаева.

Жаңылыктар түрмөгү
0